Бүгүн, 23-мартта вице-спикер Данияр Төлөнов менен депутат Кенжебек Бокоев Баткен областынын тургундары менен жолугушууда. Элет тургундарынын орчундуу суроолору менен таанышып, аларга жооп берген парламентарийлер айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо багытында даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүрүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйынды Баткен областынын жетекчиси Абиш Халмурзаев ачып, областта 755 депутат шайлангандыгын айтып, 1 шаар жана 24 айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өткөндүгүн билдирди.
Төрага орун басары Д.Төлөнов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнүн тартибин иретке салуу боюнча мыйзамга 2016-жылдын 31-мартында Президент тарабынан кол коюлуп, азыр иштеп жатканын билдирди. Ал мыйзамды иштеп чыгууда депутаттар тобу натыйжалуу иш алып баргандыгын кошумчалады.
Депутат К.Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Башмыйзамда өзүнчө институт катары каралгандыгына токтолду. “Өлкөдө республиканын өкмөтү менен айыл өкмөттөрү бар. Алардын башкы милдети – элге жакшы шарт түзүп берүү. Жергиликтүү бюджет да жогорулап жатат. Анткени, салыктын айрым түрлөрү жергиликтүү бюджетте калууда. Буга киреше салыгын айтсак болот”, – дейт ал.
Мыйзам демилгечиси жергиликтүү кеңештерди 4 жылга эмес, 5 жылга шайлоо сунушу көтөрүлүп жатканын да билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ