Menu

Сапар Исаковдун бейнесине сүртүмдөр

Бөлүшүү:

“Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковду президенттикке мураскер кылышат экен” деген маалыматтар коомчулукта айтылып атат. Акыркы учурларда чоң иш-чараларда Алмазбек Атамбаев эмес, Сапар Исаков катышып, Президенттин атынан сөз сүйлөп жатканы мындай талкууларга жем таштады.

Биз Сапар Исаков тууралуу пикирлерди угуп көрдүк.

Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты: «Бул жигит саясатка аралашып, иштеген эмес»

-Исаков жөнүндө көп нерсе айта албайм. Бирок президенттин аппаратындагы эл аралык байланыштар бөлүмүндө ийгиликтүү иштегенине күбө болдук. Негизи өсүп келе жаткан жаштардан. Өзүнүн жумушун мыкты билген, келбетинен кичипейил жигиттерден экендиги көрүнүп турат. Бул жигит сая­сатка аралашып, Кыргызстандын ичинде иштеген эмес. Саясаттагы орду эми президенттик аппаратты башкарганда билинет. Ооба, учурда мураскер бо­лот деген кептер айтылып атат, бирок ачык президенттикке талапкер болмоюнча мураскер деп айтыш кыйын.

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: «Исаковдун президент болушуна али эрте»

– Сапар Исаковду мен жаман адам деп айта албайм. Ал өсүп келе жаткан жаштардан, жасай турган иштери али алдыда. Эл үчүн кызмат кылам десе, мүмкүнчүлүгү бар. Ал инсан буга чейин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кандай салым кошту, кандай иштерди жасаганы, бул башка кеп. Менин жеке пикиримде, Сапар Исаковдун президент болуусуна али эрте. Кыргызстан азыркыдай экономикалык тартыштыкта, саясий курч кырдаалда турганда ал адамдын мамлекетибизди мындай кырдаалдан чыгарып кетерине көзүм жетпей турат. Али такшала элек. Ал эми гана саясатта көрүнө баштады, би­рок так орду көрүнө элек. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо өзүн сынап көрсө болот.

Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты: «Неге болбосун, иштеп кете алат»

– Менимче, «Исаков мурас­кер болот» деген жөн гана ушак кептер. Ал өзү мыкты жигит. Президент боло алабы, боло албайбы, бул бир гана Кудайдын колунда. Исаков тышкы иштер боюнча көп жыл эмгектенди. Бул жигитте тажрыйба бар, пре­зидент болсо эмнеге болбосун, иштеп кете алат. Бирок бардык иштерде тажрыйбалуу деп айта албайм. Дегеле андай универ­сал кишини кайдан тапмак элек. Акыл-эси, ички дүйнөсү таза, кыргыз элине кызмат кы­лам деген адам.

Бүбайша АРСТАНБЕКОВА, коомдук ишмер: «Исаков жаш болсо да элге төбөсү көрүнгөн мырзалардын бири»

– Сапар Исаков жаш болсо да элге төбөсү көрүнгөн жигиттердин бири. Дипломат катары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчы жана президенттин ап­паратында бөлүм башчы болуп иштеп, тажрыйба топтоп, анан КР президентинин админист­рация башчылыгына чейин жеткенинин өзү көптөгөн тоскоолдуктардан өтүп, бышып жетилди дегенди билдирет. Менин оюмча, саясий аренада татыктуу жаштардын пайда болушу жакшы жөрөлгө. Сапардай жаш кадрлар өсө берсин. Мураскер болот деген кептерге президент эле жооп бербесе, алдын-ала айтыш кыйын.

Эдил БАЙСАЛОВ, саясий активист: «Исаков мурда Максим Бакиевдин этегин кармап жүрчү»

-Мен кыргыздын бир да жигити жөнүндө жаман деп айта албайм. Сапар да бирөөнүн чырактай баласы. Бирок 2017- жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга али жаш, чийки кадр. Бул жигит дагы талбай эмгектенип, коомчулукка таанылышы керек. Өзүнүн кадыр-баркы болушу керек. Исаков мурда Максим Бакиев­дин этегин кармап жүрчү. Эми Атамбаевге кызмат кылып атат. Биздин жаштар 7-апрелде кандуу режимге каршы чыкканда бул киши Максим Бакиев менен чогуу жүргөн. Бакиевдерди Америкага алып барып жүргөн кишини Атамбаев мураскер кылам десе, анда билбейм. Мен Сапар Исаковду мураскер ката­ры эсептебейм. Мураскер болчу киши 17-мартта Аксыга өзү эле жалгыз бармак. Исаков Аксыга жалгыз бара албай Сооронбай Жээнбековду жанына ээрчитип алды. Ал эми учурдагы тышкы саясатыбызды өзүңөр эле баалап алгыла.

Турсунбек АКУН, экс-акыйкатчы: «Чоң саясатта орду бар деп айтуудан алысмын»

-Сапар Исаков тышкы иштер боюнча бышып келе жаткан жигиттердин бири. Кыргызстандын эл аралык саясатын аныктап, президенттин иш сапарларын даярдап жүргөн жигит. Бирок чоң саясатта кандайдыр бир деңгээлде орду бар деп айтуудан алысмын. Анткени ал жаңы талпынып келе жаткан жигит. Өзүнүн электораты, партиясы жок. Өзүнүн жердештери дуулдап колдоп чыгат деп айтуудан алысмын. Башкача айтканда саясаттан орун ала элек. Балким, келечекте аракет кылса, ордун таап калышы мүмкүн. Ал эми адамдык сапатына токтоло тур­ган болсок, Сапар кичипейил, акылдуу жигит. Эгерде өзүнүн кемчилигин сезип калса, кечирим сурай билет. Кадр маселеси боюнча да жакшы жактары бар. Мисалы, тышкы иштер маселесине байланыштуу кадрларды кызматка алып, аларды өзү тарбиялап өстүрүп келе жатат. Бирок жалгыз эле Сапар Иса­ков мураскер болот деп айтууга болбойт. Анткени президенттик шайлоого чейин дагы көп убакыт бар.

Темирбек АСАНБЕКОВ, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери:

«Анчалык мүмкүнчүлүк азырынча түптөлө элегии Исаков жакшы билет»

-Бирөөгө сын тагып, баа берүү кыйын. Анткени ал адамдын кандай себептерге байланыштуу коомдо пикир топтолгону тууралуу өзүнөн башка адам билбейт. Эл башчысы наамына татыктуу болуу өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү, сый-урматтын чегиндеги саясий салмакты талап кылат. Болбосо, шайлоо амалдары менен бийлик башына келген күндө да, жалпы коом арасында саясий салмак, кадыр-барк жетиштүү болбосо, мамлекетте өтө оор саясий кырдаал түптөлөт. Сапар Исаков жогорку саясат иштерине аралашып жүрүп, муну өзү деле терең түшүнөөрү белгилүү. Ошондуктан азыркы оор саясий-экономикалык кырдаалда көпчүлүк социалдык катмар кабыл ала турган саясий салмагы жетиштүү гана адам бийликтин ишин алып кетиши мүмкүн. Анчалык мүмкүнчүлүк азырынча түптөлө элегин, бул оор маселе экенин Сапар Исаков өзү деле жакшы түшүнөт.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: