Лондон полициясы британ парламентинин жанындагы кол салууну ислам терроризмине байланыштырды. Бул тууралуу «Скотланд-Ярддын» контртеррористтик бөлүмүнүн башчысы Марк Роули билдирди. Шаршембиде парламент имаратынын жанындагы кол салуудан 4 киши мерт кетип, 40тан ашыгы жаракат алган.
«Скотланд-Ярд» өкүлүнүн айтымында, полиция кол салган адамдын тек жайын аныктады, бирок азырынча анын аты-жөнү айтылган жок.
Шаршембиден бейшембиге караган түнү британ полициясы Бирмингемдеги батирлердин биринде рейд өткөрдү. Операция бир канча саатка созулуп, шектүү адамдар кармалды. Алгач укук коргоо органдары тинтүү иштеринин Лондондогу кол салууга байланышы бар экенин айтышкан эмес, бирок ага чейин ММКлар белгисиз адам көчөдөгү адамдарды сүзгөн автоунаа Бирмингемде ижарага алынганын кабарлашкан.
22-мартта Улуу Британия парламенинин жаныдагы Вестиминстер көпүрөсүндө автоунаа жөө жүргөн адамдарды сүзгөн. Андан соң анын айдоочусу бычак менен парламенттин алдында нөөмөттө турган полициячыга кол салган. Полициянын маалыматы боюнча, бул чабуулдарды бир эле киши жасап, жыйынтыгында 4 киши мерт кетип, 40ка жакыны жаракат алды.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ