“Өткөн шайлоодо өлкөдөгү 41 айылда айыл өкмөттөрү шайланбай калды. Буга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлана электиги себеп. Демек, алардын жергиликтүү бюджети да кыйын кырдаалга кептелип турат. Шайлоонун болбой калышына уюшкан кылмыштуу топтун терс таасири тийип жаткандыгы да жашыруун эмес. Бул боюнча бизге түшкөн маалыматтар бар”,- дейт депутат К.Бокоев бүгүн, 23-марттагы Баткен облусунда өтүп жаткан парламенттик угууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Эл тарабынан шайланган айыл өкмөтүнүн статусу да жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлаганга караганда бир топ жогору болот. Мындай пикирлерин ортого салган депутат К.Бокоев: “Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер саясый партиялар тарабынан көрсөтүлсө да болот. Өзүн-өзү да сунуштай алат. Талапкерлиги коюлуп жаткан жарандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү”,- дейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ