Эки баланын өмүрүн алган Тажикстан борборундагы өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча тергөө ушул жылдын июнуна чейин узартылды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы жеке булак билдиргендей, бул иш боюнча жалпысынан 20дан ашык киши кармалды.
Кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренеси боюнча каралууда. Маалыматка караганда, мушташтын айрым катышуучулары укук коргоо органдары видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды иликтеп чыккандан кийин табылып кармалышкан.
Тергөө органдарынан кармалгандардын бардыгы тең адвокаттар менен камсыздалганын билдиришти. Жактоочу Абдукаюм Юсуфинин айтымында, алгач ал жактоого алган өспүрүмдөрдүн бири мушташ болуп жаткан маалда жөн гана көчөдө өтүп баратканын жана окуяга эч тиешеси жок экенин билдирген. Анын бул айткандарын ата-энеси да ырастаган. Бирок тергөөчүлөр ага видеокөзөмөл камерасындагы жазууну көрсөткөндөн кийин мушташка катышканын моюнуна алууга туура келген.
Ал өспүрүмдүн күнөөсү жок экенин далилдей албай калуу ыктымалдыгы жогору экенин айтып, мушташка катышкандардын бардыгына тең расмий айып тагыларын билдирди.
Өспүрүмдөр арасындагы мушташ 2-январга оогон түнү Дүйшөмбү шаарында болгон. Анын катышуучулары бычактар жана темир союлдар менен куралданышкан. Мушташтын жыйынтыгында эки өспүрүм каза болгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ