Мындан туптуура он эки жыл мурун мамлекетибизде элдик бийлик орноп, «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март ыңкылабы болгон. Жер-жердеги нааразычылыктар чогулуп отуруп, борборго келип жарылган. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев элдик толкундоолордун, элдик каршылыктын айынан кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон. Кыскасы, эгемен өлкөдө биринчи жолу элдик бийлик орногону менен элдин эсинде калды. Ошондой эле ал революцияга активдүү катышкандар Акаевдин авторитардык саясаты, өз балдарын парламентке алып келүү аракети, элдин жашоо-турмушунун оордугу, социалдык-экономикалык абалдын чыңалуусу 24-марттагы элдик революциянын болушуна шарт түзгөнүн айтышат. Аталган революциянын ишке ашышына жаштар негизги күч болуп берген дегендер да бар. Себеби саясатчылардын жалындуу кептерине ынанып, таасирленген
жаштары” деген кыймыл түзүп, абалдын курчушуна салым кошушкан. Келечекке үмүт бербеген кырдаал бийликтин алмашуусуна шарт түзгөн. Кыскасы, март ыңкылабы өз учурунда демократиянын жарчысы катары кабыл алынганы менен андагы жоогазындар кепке чейин ачылып турган эмес.
“Элдик толкундоолордун арты менен келген Бакиев бара-бара авторитардык нукка түшүп, эми тазалануу болот деген элдеги үмүттөрдү соолуткан. Ошон үчүн эл өзү берген бийликти өзү алып койгон. Эң негизгиси, март ыңкылабы Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган окуянын башаты болгон. Айтайын дегеним, март ыңкылабы адилетсиз, коррупциялашкан бийлик болсо, аны шайлоо жолу менен алмаштырса боло турганын, эгер ага жол берилбесе эл революциялык жол менен сүрүп салаарын көрсөтүп койду. Экономикабыз гүлдөп, өнүгүп кетпесе да, март ыңкылабынан кийин сөз эркиндиги, адам укугу, демократиялык баалуулуктарда өсүш болду. Негизгиси бийликке эл менен эсептешүү керек деген чоңсигналды берип койду.
2005-жылдагы революциянын активдүү катышуучусу Чолпонбек Абыкеев менен Кыргызстанда орун алган алгачкы март революциясы тууралуу баарлашып, азын-оолак кеп курдук.
-Чолпонбек мырза, 2005-жылдагы 24-марттагы революциянын активдүү катышуучусу элеңиз. Азыр ал революция максатын жоготуп, апрель ыңкылабы даталуу күндү жокко чыгарып койгон жокпу?
– 2005-жылдын 24-мартындагы революция 2009-жылга жетпей эле өзүнүн негизги максатынан тайган. Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелиндеги экинчи революция келип чыкпадыбы. Ал эми 24-марттын даталуу күн экендиги тууралуу айтсак, бул күн тарыхый күн да. Ошондуктан ал тарыхта өчпөй жазылып кала берет.
-2005-жылдын 24-мартындагы революция эмнеси менен артык деп ойлойсуз?
-2005-жылдын 24-марты эл өз күчүнө ишенген күн болгон. Кыргыз эли эч убакта бир үй-бүлөлүк башкарууга жол беришпесин, бийлик эл үстүнөн каалаганын жасай бере албай тургандыгын көрсөткөн. Элдин мындай күчү барына ал түгүл ошо кезде революцияны уюштуруп, баштап жүргөндөр деле ишенишкен эмес.
-Март революциясы Кыргызстанга эмне берди?
-24-март Кыргызстанда чыныгы бийлик эл колунда экендигин көрсөткөн ишеним берди. Тилекке каршы Бакиевдин бийлиги муну түшүнө албады. Бүгүнкү бийлик деле толук түшүнгөнүнө ишенбей турам. Ошон үчүн революция жасоо өнөкөткө айланышы мүмкүн. Эгер бийлик башындагылар элдин талабын канааттандырбай тескери жолго түшүп, ар кандай өзүмчүлдүк иштерди жасап, өздөрүн хан сезе башташса революция болбойт деген кепилдик жок. Эгер бийлик калыс иштеп мыйзамдуулуктан тайбаса, эмнеге революция жасалмак эле. Негизи эл көрөгөч калыс келет. Чындыкты тааный билет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ