Menu

Келдибек Ниязовдон саясий-күлкү кеп

Бөлүшүү:

Чолпон Султанбековага

Депутат Кубанычбек Жумалиев Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген Чолпон Султанбековага Ак үйдөн жолугуп калып:

– Чолпон айланайын, бая күнү туура эмес иш кылыптырсың, атактуу Сагымбай Орозбаковду кайра-кайра Орозбеков деп.

– Кубанычбек аке, андан эмне болуп кетиптир же согуш чыгып кетиптирби, эми айта элек сиз калдыңызбы? Сиздин эсиңизден чыгып кеткен го, сиз деле премьер-министр болуп турганда Москвага барып, Россиянын премьер-министри Примаков Евгений Максимовичти куттуктап, кайра-кайра Евгений Михаилович дегениңизди ошол кездеги жардамчыңыз Равшан Жээнбеков айтып, элди күлдүрүп жүрбөдү беле? Сиз деле эч нерсе болбой эле депутат болуп жүрбөйсүзбү? – деп мурчуңдап кетип калса, Кубаныч мырза эстен танып, дал болуп туруп калган экен…

Абдыманап Кутушевге

Феликс Кулов Абдыманап Кутушевден:

– Абдыманап, эми ушул туалет, унитаз үчүн эле арызыңды жаза саласыңбы?

– Эй, Феликс аке, театр кийим илгичтен башталат дегендей, Жогорку Кеңешке келген коноктор сөзсүз туалетке кирип чыгышат. Анан мен дагы жаман оюмда биздин туалет дагы орустардын думасыныкындай болсун, биздин депутаттар дагы алар отурган унитазга отурушсун деген тилегим болгон. Дат баскан унитазга отуруп жүрө беришсин, иштери да ошондой болуп жүрө берсин, – деп колун шилтеп басып кетиптир.

Камчыбек Жолдошбаевге:

Акылбек Жапаров Камчыбек Жолдошбаев байкесине эркелеп:

– Камчыбек байке, сизден үлгү алса болчудай, туруп-туруп эле 120 депутаттын мээлерине келбеген нерселерди айтып таштайсыз. Мисалы өгүнү айткан сөзүңүздүн мааниси тереңде жатат. Камчыбек Жолдошбаев:

– Кайсынысын айтып жатасың? Ушул жердеги бай депутаттардын байлыгын чогултса дагы миллиардга жетпейт дегениңиз.

– Ой, ал эчтеке эмес, жакында дагы айтам.

– Эмне деп?

– Бул чакырылыштын депутаттарынын 97 пайызы кедейлердин, итке минген томаяктардын тукумдарынан куралган. Буларыңдын бизнеси тургай, денелеринде биттери жок деп. А.Жапаров:

– Оо, Камчыбек байке, сизди колдойм, сөзсүз айтыңыз-деп чебелектеп, кудуңдап чуркап кеткен экен.

Жыпар Жекшеевге

Равшан Жээнбеков Жыпар Жекшеевдин жанына келе калса Жыпар:

– Равшан, бу саясат дегениң төрткө бөлүнөт, сен кайсынысына киресиң десе,

– Анчага бөлүнөөрүн билбейт экенмин, айтып бериңиз – деп Жыпарга жабышып калат. Жыпар:

– Билбесең угуп тур, сасык саясатка, бок саясатка, көң саясатка, анан кө… болуп. Мен көң саясатка кирем…

– Жыпар ава, кандайча? – деп Равшан сураса,

– Ал көң деген жакшы, биринчиден отун, экинчиден жыты жакшы, айыл жыттанып турат – деген экен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: