Menu

КТРКнын жаӊы Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрү тандалат

Бөлүшүү:

27-мартта боло турган Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе каралары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, КТРКнын учурдагы Байкоочу кеӊешинин курамы КР Жогорку Кеӊешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги №1850-V токтому менен бекитилген. Ал эми “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына талапкерлерди көрсөтүү, мурдагы Байкоочу кеӊештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда Жогорку Кеӊеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланат. Алгач КР Президенти, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: