Menu

Биздин окумуштуулар кайда?..

Бөлүшүү:

-Европа өлкөлөрүнүн жана орустардын окумуштууларына баа, ченем жок. Мисалы, капитанчы Кустону алалык. Анткени алар накта илимпоздор. Илим жактоо үчүн аларың бир нече айлап-жылдап экспедицияга чыгышып, ал жактан эксперимент жүргүзүшүп аска-зоого чыгып, суукка тоңуп океан-деңиздерде сүзүп, акула, киттерди издеп таап, жанын оозуна тиштеп аларга бетме-бет барып тасмага түшүрүп, Антарктида, Түндүк муз океандарда конуп-түнөп далай кырсыктарга учурап, адам баспаган жерлерге жетишип Ата Мекендин туусун желбирете сайышып, ак аюу, морж, тюлень, пингвиндерге жолугушуп, деги койчу карап турсаң кызыктуу болгону менен ойлойсуң, аларда жан деген, үй-бүлө деген жокпу деп. Ошентип тентип жүрүшүп, башка бир дагы даяр жазылбаган материалдарды колдонушпай, өздөрүнүн экспедицияда чогулткан материалдарын жыйнап келишип, накта таза эмгек жаратышат. Ал эми биздин окумуштуулар кыйналбай эле илимий иштерин жактай салышат. Даяр материалдар турса жактабай жандары жокпу. Анан бош отура алышпай биртике бирдеме жаза коюшуп, элге бир аз эле көрүнсө болду, өздөрүн мекендин элитасы катары сезишип, саясатка аралашып депутат, өкмөт керек болсо ажо болгулары келишип ыктытып араң эле турушат. А тигилердин окумуштуулары илимий эмгектерин арыдан-бери бүтүрө салуу, саясат­ка кийлигишүү алардын үч уктаса дагы ойлоруна келбесе керек. Анткени аларды карасаң, илимге ушунчалык берилгендиктен өздөрүн карабай, жумушчулардан бир аз эле айырмасы болбосо, окумуштуунун окумуштуулары. Айга учуп, ааламды аңтарып, океан деңиздердин түбүнө чейин изилдеп, алардын илимий эмгектери өндүрүштүн бардык тармактарында колдонулуп пайдасын берип жатат го. Башкасын айтпаганда да, айыл-чарба техникаларын айт. Ошентип алар өз иштери менен гана алек. Эгерде бизде, алардыкындай окумуштуулар чыкса, аларың “Эл каякта, басканга жер каякта” деп калышмак. Урматтуу мыйзамчылар, өндүрүштун ар тармагы боюнча мыйзам жазаарда сөзсүз Илимдер академиясынан ошол тармакка тиешелүү болгон атайын илимпоздорду чакырып, алардын дагы башын оорутуп мыйзам жазууга салымын коштуруш керек. Алар дагы жоопкерчиликтүү болушсун. “Катыным бучук жаным тынч” деп жата беришпей. Ии баса, Путин былтыр РФ Илимдер академиясынын башчысын чакырып алып “Эмне үчүн жогорку окуу жайларда, президенттик аппаратта, өкмөттө, парламенттик кызматта жүргөн илимпоз членкоррлор Илимдер акаде- миясынан да кошумча айлык алып жатышат түшүндүрүп берчи? Мындайларды токтоткула” – деп академиянын башчысын такалаган эле. Бизде эмне жокпу мындайлар, толтура болсо керек. Акыры айтайын дегеним, биздин Илим­дер академиясында ар бир тармак боюнча канчалаган илимпоздор самсып жүрүшөт. Алардын мээлерин качан колдонобуз? Мээлери “свежий” бойдон кетеби? Мурдагы эки ажо алардын мээ­лерин убагында пайдалана албай калып, азыр бармагын тиштеп качьш жүрүшөт. Роза Отунбае­ва болсо жетише албай калды дейлик. Атамбаев болсо колдонбой жүрүп, эми мөөнөтү да бүткөнү калды. Демек аларды, урматтуу окумуштууларыбызды Путиндей суракка алып, кана эмнең окумуштуу, мекенге кылган зыяныңдан мурун пайдасын айтчы, кана иш жүзүндө көргөзчү, чын эле экономика илимдеринин доктору болсоң, бир облусту берейин оңдоп көрчү деп жарга такаса, илимдер академиясында реформа эмес, башкасы да жүрүп кетмек. Тынч эле айлыктарын алып, анын үстүнө пенсиясын кошо алып, кыйратып жатышкансып бюджеттен соруп коюп асманды сүйлөп жата беришсе кайдагы илимий ачылыш? Деги окумуштууларыбыз кайда, шаардабы же айылдабы?

Темирбек МАМБЕТАЛИЕВ, Бишкек шаары

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: