Menu

Бишкек жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыз кылуу көлөмүн 1млн тоннага чейин көбөйтүү керек

Бөлүшүү:

“Бишкек жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыз кылуу көлөмүн 1млн тоннога чейин көбөйтүү керек. Атамекендик көмүр өндүрүүчүлөр мындай көлөмдү камсыздоого даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта өткөн Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине өтүүнүн жыйынтыктары жана 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселени кароо учурунда билдирди” – деп берилет КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо ишинин аяктоосу менен кошумча кубаттуулук алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга байланыштуу жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыздоого басым жасалат. Мындай кадам атамекендик көмүр өндүрүү тармагынын өнүктүрүүгө жана импорттун санын азайтууга шарт түзөт.

2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо тууралуу Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев маалымат берди.

Ага ылайык, 2016-2017-жылда күз-кыш мезгилинде калкты жылуулук менен камсыздоо иши канаатандырарлык деңгээлде жүргүзүлдү. Айрым аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын орун алгандыгына байланыштуу электр энергиясы жана отун менен камсыздоо маселелери ыкчам кабыл алынган иш чаралардын негизинде чечилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагында жоготууларды азайтуу, дебитордук карыздарды кыскартуу максатында акылдуу эсептегичтерди орнотууну жылына 100миңге чейин көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ишкер чөйрөнүн энерго ресурска болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калкты тейлөө шарттарын жакшыртуу талабын койду.

Электр энергиясына болгон ишканалардын карыздарын төлөө боюнча маселесине токтолгон Өкмөт башчы бардык мамлекеттик мекемелер электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануусу керектигин баса белгиледи.

Соңунда 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө Улуттук энергохолдинг компаниясына дебитордук карызды жабуу боюнча иш чараларды активдүү жүргүзүү, Энергетика комитетине электр энергиясын экспорттоо боюнча сунушту тез арада киргизүү, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө отун базарларында көмүрдүн керектүү көлөмүн жана ага болгон бааны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган маселени көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: