Menu

Жалал-Абадда 134 ветеринарга мал жандыктарын дарылоочу хирургиялык  ветеринардык жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана АРИС  долбоору алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы 134 жеке өз алдынча иш алып барышкан 134 ветеринарга товардык грант түрүндө 14 млн. 268 миң 52 сомдук ветеринардык жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады. Бул иш чарага айыл чарбасын тейлеген райондордун акимдеринин орун басарлары, айыл чарба департаментинин башчылары жана ветеринар адистер катышты.

–     Кыргызстанда айыл чарбасы менен мал чарбасы негизги тармак болуп саналат. Тээ союз мезгилинде ветеринария боюнча атайын мыйзам иштеген. Адамзатты медицина эмес, ветеринария сактайт деген түшүнүк өз маанисин азыр деле жогото элек. Облустун ветеринария тармагында иштеп жатышкан адистерге товардык грант түрүндө тапшырылып жаткан жабдуулар менен мотоциклдер алардын натыйжалуу иш алып барууларына мыкты өбөлгө болооруна терең ишенемин,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн реалдуу өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев.

Жалал-Абад облусундагы жеке иш алып баруучу 134 ветеринардын ар бирине наркы 53750 сом турган ТМ-150-10 “TianMA” мотоциклдери жана ветеринардык хирургиялык инструменттер менен жабдуулар салынган, ар биринин наркы  106 миң 478 сомду түзгөн ветеринардык сумкалар тапшырылды. Бул иш аракеттер жеке ветеринарлардын кесиптик жана техникалык дараметтерин жогорулатууга багытталган. Эми мындай транспорттук техникалык жана ветеринардык жабдуулар менен камсыз болушкан жеке ветеринар адистер мал жандыктарынын ар кандай оорулары менен ылаңдарын дарылап сакайтууда чоң мүмкүнчүлүккө ээ болушту деп айтууга толук негиз бар. Кеп, эми тартууланган товардык грантты натыйжалуу иштетип, пайдаланууда калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: