А. Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 458 адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 164 адам чыгарылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ