Menu

Муфтийди шайлоо – келечекти тандоо

Бөлүшүү:

 

Апрель айынын башында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысын кезектеги шайлоо болуп өтөт. Мусулмандардын Дин башкармалыгы — ​өтө олуттуу уюм. Кыргызстандын бардык диний окуу жайларындагы, мечиттериндеги окутуу программасынын “маани-маңызы” үчүн дал ушул муфтият жооп берет. Ошондуктан КР Муфтиятынын башында турган персонанын мааниси абдан чоң.

Акыркы жылдарда Диний башкармалыктын дарегине көп эле сындар айтылды. Биринчи кезекте, өлкөдөгү исламда көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган, экстремисттик деп таанылган — ​“Таблиги жамааттын” массалык кыймылынын өсүшүнө байланыштуу айтылды. Акыркы он жылдыкта 10–15 жаштагы кыргызстандыктар Пакистанга, Индияга, Бангладешке жамаатчылар багыты боюнча окууга чыгып кетип жатышат.

Эгерде жамаатчылар жүрүп отуруп радикалдык экстремисттерге айланбаса, бардыгы анча жаман болмок эмес. Акыркы он жылдыктагы Кыргызстандагы ар кандай саясий тирешүүлөрдү эске алсак, бийлик үчүн күрөштө оңу келсе исламдык өңүттү пайдалануу коркунучу бар. Мындайды биз Египетте жана Ливияда байкаганбыз. Сыртынан караганда диний сезимдей көрүнгөнү менен саясий боёк сүртө коюш бат эле. ДАИШ (ИГИЛ) ушинтип пайда болгон.

Эгерде “Таблиги жамааттын” өлкө боюнча чагылгандай тез тарап бараткан масштабын КР Муфтиятынын аракети менен салыштырсак, кызыктай тенденция келип чыгат: акыркы үч жылда КР Муфтияты Кыргызстандагы жамаатчылардын катышы тууралуу бир да жолу үн катып койгон жок. Андан дагы, КР Дин башкармалыгында жамаатчылардын өлкөдөгү диний ишмердигин жөнгө салган бөлүм бар, ал эми “Таблиги жамааттын” жолдоочулары (Кыргызстанда аларды адатта даваатчылар деп коюшат) атургай КР Дин башкармалыгынан жана ИИМинен белгилүү бир райондогу өздөрүнө бекитилген мечитте диний ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уруксат алышат. Бүгүнкү күндө таблигчилер — ​бул бир гана импорттук агым эмес, ал өлкөнүн салтына ыңгайлашкан, аларды кийими боюнча айрып тааный албайсың. Бирок алар өлкөнүн салттуу исламына коошпогон жолдорду таңуулашууда.

Мындай көз жумуп коюучулук Кыргызстандын өзүнүн “Йакын инкар” аталган диний агымынын келип чыгышына алып келди. Ысык-Көл облусундагы бул кыймылдын келип чыгышынын болжолдуу датасы, эксперттердин айтымында, 2013–2014-жылдарга туура келет. Жаңы диний агым өзүнүн мүнөзү боюнча Сауд Аравиядагы салафиттерге жакындап кетет, башкача айтканда мусулман коомчулугуна эртелеп аралашуу жана ишенүү, мусулмандын турмушундагы бардык жаңы өзгөрүүлөргө каршы туруу болуп саналат. “Йанкыр инкардын” талапкерлери диний ишмердүүлүктү жөнгө салган мыйзамдарды тааныбайт. Алар иштебейт, сырткы кебете-кешпири жагымсыз –узун сакал коюп, пакистандын киймин кийет, билими жок, светтик илимди тааныбайт, унаа пайдаланбайт, колуна акча албайт.

Бир сөз менен айтканда, булар — ​фанаттар, болгондо да исламга коошпогон, коомдун турмушуна жана өлкөнүн улуттук каада-салтына каршы фанаттар. Эң коркунучтуусу алардын катары жаштар, айрыкча айылдык жаштар менен толукталып жатканында. Бул — ​коомдун эң эле радикалдашкан катмарынын бири болуп саналат.

Айтмакчы, Йанкыр-Инкар идеясын таратып жатышкан райондон Сирияга абдан көп кетип жатышат же ошого аракет кылышууда. Же буларды ИГИЛдин идеясын толук бөлүштүрүшөт десек да болот.

Ушуга карабастан Кыргызстандын Дин башкармалыгы бир гана көз салып турганын жана бул агымдын жолдоочуларынан эч деле жамандык көрүшпөй тургандыктарын билдирип келет. Ал эми укук коргоо органдары алар тарабынан санкцияланбаган диний үгүттөө учурунда гана анча-мынча айып пул салуу менен чектелүүдө.

Же болбосо, КР Муфтиятынын мындай нейтралитетинин айынан эсктремисттик өңүттөгү агым гүлдөп өнүгүүдө. Ал эми Диний башкармалык коңгуроо кагып чыгуунун жана дин аалымдарынын билимин жогорулатуунун ордуна, потенциалдуу экстремисттерге сыртынан көз салуунун гана үстүндө.

Мунун баарын эмнеге айтып жатабыз?

Апрелдин башында Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы жаңы муфтийди шайлайт. Муфтий болом деген талапкерлерге коюлган талап да өзгөчө: талапкер диний жана светтик билимге ээ болуп, Кыргызстандын мыйзамдарын билиши, Дин башкармалыгында же башка диний уюмдарда үч жылдан кем эмес иштеши, соттолбогондугу, гумандуулугу, эл арасында кадыр-баркка ээ болушу керек. Бирок муфтий кандай көз карашты карманарын жана “туура дин саясатынын” маанисин канчалык биле тургандыгы тууралуу бир ооз да сөз жок. Болгону билими жана “иш тажрыйбасы” талап кылынат.

Бүгүнкү күндө КР Дин башкармалыгынын бийик постуна жогорку талаптарга ылайык экөө туура келет — ​бири азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев. Ал Дин башкармалыгынын башына 2014-жылы, ал учурдагы Рахматулла ажы Эгембердиевге байланышкан ызы-чууда келген. Кийинкиси “Таблиг жамаатына” караманча каршы чыккан. Байкоочулар Эгембердиевдин кетиши ажыга баруудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү аракетине байланыштуу деп эсептешкен. Айрым маалыматтарга караганда жыл сайын муфтияттын ажылыктан көмүскөдө тапканы 5–6 миллион доллар каражатты чапчыйт.

Экинчиси Чубак ажы Жалилов. Ал дагы 2010-жылдан 2012-жылган чейин Кыргызстандын муфтийи болгон. Ал окумуштуу- теолог, бир катар китептерди даярдап жана жарыкка чыгарган, фикх(мусулман укугунун) билгичи, Куранды тафсир окутууга жана хадис айтууга укугу бар.

Анын башкаруу учурунда республика боюнча дин кызматкерлери дээрлик жаңыланган. Жалилов мечиттердин имамдарынын билимин жогорулатуу курстарын кийирип, бардык дин кызматкерлерин аттестациядан өткөргөн. Ал Кыргызстанда диний насыяттын мазмуну үчүн кам көргөн биринчи адам: имамдарга Диний башкармалыктын кызматкерлери текшерип, бекиткен диний насыяттын текстин жеткирген. Диний насыятка болгон мындай көзөмөл диний насыят аркылуу динге ишенген адамдардын көз карашын бир гана дин аркылуу эмес, коомдук-саясый жактан да кеңейтүүнү, адамдарга мамлекеттеги маанилүү маселелер боюнча муфтияттын расмий позициясын жеткирүүнү, экстремисттик агымдарга каршы турууну камсыздайт.

Азырынча муфтият Диний башкармалыктын башчыларына талапкерлердин толук тизмесин жарыялай элек. Бирок Кыргызстандагы диний нигилизмдин шарттарында муфтийдин кызмат ордуна өлкөдөгү радикалдуу агымдардын пайда болушуна жана жайылышына каршы күрөш жүргүзө ала турган адамды шайлоо логикалык жактан туура болуп турат. Бул Кыргызстан көрүп турганыбыздай Ливия, Сирияга айланбаш үчүн абдан зарылдык экени талашсыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: