Menu

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды.

Бөлүшүү:

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Д. Эрлан 1985-жылы Талас облусунун Ленинполь районунун Ключевка айылында туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү карамагында жашы жете элек үч баласы, карыган энеси бар, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолбогон, жашаган жери: Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы.

Манас райондук сотунун 2016-жылдын 2-сентябрындагы өкүмү менен Д.Эрлан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 131-ст. 3-б. менен күнөөсүз деп табылып, жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. КЖКнын 132-ст. күнөлүү деп табылган жана 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган, жазасын жатак абагында өтөөсү белгиленген. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 61-ст.негизинде анын 30.07.2015-ж. 21.01.2016-ж. чейинки алдын ала камоодо болгон ар бир күнү 3 күн эсебинде өтөлгөн деп эсептелинип жана белгиленген жазаны өтөгөн деп саналган.

Д. Эрлан алдын-ала тергөө органдары тарабынан 2014-жылдын сентябрь, октябрь айларында тергөөдө так аныкталбаган күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну Ж.А.нын 16-жашка толо элек экенин билип туруп, алардын үйүндө чоң ата, чоң апасы жана атасы жоктугунан пайдаланып, үйүнөн ар кайсыл бөлмөлөрдөн ушул күнгө чейин Ж.А.га карата күч колдонуп, жабырлануучуга психикалык кара күч зомбулугун көрсөтүү менен анын каалоосуна жана эркине каршы, алсыз абалын пайдаланып, жыныстык катнашта болуп зордуктап жүргөн деп айыпталган.

Мындан тышкары Д.Эрлан жогоруда жасаган оор кылмыш иши менен токтолбостон кайрадан кылмыштуу кыймылын улантып төмөндөгү кылмыш ишин жасап жүргөн, атап айтканда 2014-жылдын сентябрь, октябрь айларында Ж.А. менен эркине каршы жыныстык катнашта болуп зордуктап салгандан кийин, Ж.А. 7-класс мектеп окуучусу экенин, ага карата көз карандылыгынан пайдалануу менен Ж.А.га, эгерде биздин жыныстык катнашта болуп жүргөнүбүздү үйүңдөгүлөргө, чоң апаңа жана атаңа айтсаң, анда атаңдын ичип жаткан арагына уу дары кошуп койомун, атан шал ооруусу менен ооруп калат, же болсо өлүп калат деп, жаш кызды шантаж жасоо жолу менен өзү 30 жаштан ашып калгандыгын ойлонбой 2014-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын июнь айына чейин Бакай-Ата районун Кыргызстан айылынан, үйүнөн ар кайсыл бөлмөлөрүнөн жыныстык катнашта болуп жүргөн деп айыпталган.

Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы өкүмү менен:
Д. Эрлан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-ст.4-б., 131-ст. 3-б менен күнөлүү деп табылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-ст.4-б. менен жыйырма жылга эркиндигинен ажыратылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-ст. 3-б. менен үч жылга педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен алты жылга эркиндигинен ажыратылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-ст. негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды бири-бирине жарым жартылай кошуу жолу менен үч жылга педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жыйырма эки жылга эркиндигинен ажыратылган.Жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: