Menu

Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков РФ ФЖ Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Тараптар мамлекеттер аралык кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу пикир алышып, КМШ жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеяларынын алкагында парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Валентина Матвиенкону кыргыз-орус дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап: “Россия Кыргызстандын стратегиялык башкы өнөктөшү. Андыктан саясий байланыштарды чыӊдоо менен ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүшүбүз зарыл. Өзгөчө эки жактуу байланыштардын негизги багыты – эки тараптуу келишимдердин аткарылышын мыйзамдык жактан колдоо”,- деди.

Ошондой эле, Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиясынын жыйыны ушул жылдын апрель айында Москва шаарында өтө тургандыгын эске салган Чыныбай Турсунбеков: “Парламенттер аралык комиссиянын баардык жыйындары эл өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусун гана шарттабастан, мамлекеттер ортосундагы алакаларды күчтөндүрүүгө көмөкчү болот”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, экономикалык алакаларга токтолгон Чыныбай Турсунбеков Евразия экономикалык бирлиги эки мамлекеттин соода байланыштарын арттыруу менен гана чектелбестан дүйнөлүк каатчылыкка каршы биргелешип күрөшүүгө да шарт түзөт деп ишенерин билдирди. Ага кошумча Кыргызстан Россиянын аймактары менен кызматташууга кызыкдар экендигин да белгилей кетти.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Россия Кыргызстанды ар тараптуу колдоого даяр экендигине токтолуп: “Кыргыз-орус алакалары динамикалуу өнүгүүдө. Буга мисал – кыргызстандык мигранттарга жеӊилдиктер берилиши, ЕАЭБ алкагында экономикалык байланыштарды чыӊдоо аракетинин тынымсыз уланышы”, – деди. Мындан тышкары, В.Матвиенко быйыл Кыргызстанда өтө турган Президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары КМШ Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрүн жөнөтүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле Федерация Кеңешинин Төрайымы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго парламентаризди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Ардак белгисин ыйгарды. Ал эми Жогорку Кеӊеш депутаты Алмазбек Баатырбековго КМШ Парламенттик Ассамблеясы тарабынан “Достук” ордени берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: