Санкт-Петербург шаарында 25-мартта кыргыз-орус парламент аралык жолугушуу болуп, СДПК фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина: «Мени Кыргызстанда шовинист, Кремлдин шпиону деп куугунтуктап жатышат. Мени 120 депутаттын бирөөсү да колдобойт”, – деп даттанып арыз-муңун төгүп, кыргыз элин жаманатты кылганы коомчулукта кызуу талкууланууда. Минтип кыргыз суусун ичип, нанын жеп жатып, кыргыз элине нааразы болуп, тузуна сийген Карамушкинанын бет тырмаганына чыдабаган Каныбек Иманалиев: «Бул жер сиздин жеке конфликтти талкуулай турган жер эмес, биз кыргыз-орус парламент аралык маселелерин караганы келдик» – деп оозун жап кылыптыр. Аны кыргызстандык жана россиялык депутаттар да колдоого алып, Иринага “ит үргөнчөлүк” маани беришпептир…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ