Menu

Жалал-Абад шаарында арык-каналдарды тазалоо иши жүрүп жатат  

Бөлүшүү:

 

“Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмү менен биргеликте каналдарды тазалоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу аталган департаментинин директору Саидибраим Жакыпов билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Анын айтымында, быйыл кар калың жаап, сел арыктар, каналдар сууга толуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алуу иштери күчөтүлүп жатат.

-Жазгы жаан-чачындардан улам жаралган селдин кесепеттерин алдын алуу максатында шаардагы сел-арыктарды тазалоо жумуштары башталды. Анда шаардагы  узундугу төрттөн жети чакырымга чейинки каналдарды тазалоо иштери палндаштырылган. Буюрса, аны тез арада тазалап, шаарды суу каптоо коркунучунан арылтабыз, – дейт ал.

Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаар тургундарыны боюнча мүмкүн болушунча аракеттер көрулүүдө.

-Өткөн  жылы каналдарды тазалоо иштерине шаардык бюджеттен 480 миң акча каражаты берилген. Ал эми быйылкы жылга 1 миллион 200 миң сом акча каражатын бөлүү сунушу берилген. Биро, шаардык кеңештин иши башталбай  жатканына байланыштуу бул маселе чечиле элек. Ошентсе да жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн департаменттин техникалары иштеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү күйүүчү май жана техникалардан жардам берип, жумуш алдыга жылып жатат, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: