Menu

Сузакта Көк-Арт дарыясынын жээктери бекемделүүдө

Бөлүшүү:

    Сузакта Көк-Арт  дарыясынынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Жалал-Абад шаарындагы “Каскад” ЖЧКсынын кызматкерлери өздөрүнүн кубаттуу техникалары менен Сузак айыл аймагына караштуу мурдагы чочко фермасынын тушундагы Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө максатында узундугу 800 метр, эни 50 метр жана тереңдиги 3 метр келген Көк-Арт дарыясынын нугун казып тереңдетүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул туурасында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун облус аймагын кыдыруусундагы расмий  иш сапарында Сузак районунун кадырман аксакалдары КРнын Өкмөт башчысынан Көк-Арт дарыясынын ушул жеринин жээктерин бекемдеп берүү өтүнүчтөрү менен кайрылышкан болчу. Азыркы мезгилде Көк-Арт дарыясынын нугун тереңдетип казуу иштеринде “Каскад” ЖЧКсынын 6 КАМАЗ, 4 ХАВО 4 скорпион, 3 погрузчик  жана 1 экскаватор кубаттуу техникалары шагылдарды алып чыгып,  тереңдетип казуу жана тегиздөө жумуштарын жүргүзүп жатышат. Азыркы мезгилде Көк-Арт дарыясында секундасына 60 миң куб метр суу агып жатат. Жазгы жаан-чачындар башталып, дарыядагы суу толук күчүнө киргенде секундасына 250 миң метр куб суунун агылуусу күтүлгөндүктөн жээктерди бекемдөөнүн мааниси абдан чоң.

Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен  ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими Абдумуктар Маматов жана ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов жеринде таанышып, жумушту аткарып жатышкан “Каскад” ЖЧКсынын жетекчилигине иштин сапатына маани берүү керектигин дагы бир ирет эсине салды. Бул жумушту аткарууга КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жумушту аткаруу боюнча тендерди утуп алган “Каскад” ЖЧКсына 3,5 млн. сом которуп берет.

Көк-Арт дарыясынын ушул жериндеги жээктеринин бекемделүүсү менен Сузак районундагы 634 турак-жайлар, 5 административдик имараттар жана миңдеген гектар айыл чарба багытындагы айдоо жерлери сел коркунучунан ишенимдүү сакталуусу камсыз кылынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: