Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитеттин демилгеси менен уюштурулган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси – депутат Кенжебек Бокоев. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.
Демилгечинин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тутумун ыраатташтыруу чаралары сунуш кылынууда. Анын пикиринде, айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо аларга карата жергиликтүү калктын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт. Ал үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” сындуу бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзам долбоорлоруна арналган парламенттик угуулар буга чейин Бишкек, Баткен, Талас, Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда өткөрүлгөн. Иш-чаралардын алкагында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча маселе да каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ