Menu

Фред Хьюстон, Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛОнун жетекчиси: “Бул иштерди донорлор эмес, Жогорку сот аткарып жатат”

Бөлүшүү:

Жогорку сотто сот актыларынын ачыктыгына жетишүүнүн кеңири механизмине, тагыраак айтканда sot.kg сайтына арналган тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлгө Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛОнун жетекчиси Фред Хьюстон катышты. Фред Хьюстон массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн төмөнкүдөй интервью берди.

-Фред мырза, аталган сайтка бардык эле сот актылары жарыя болобу?

– sot.kg сайтына жабык жана жашырындык талап кылынган иштер албетте жарыяланбайт. Бирок мындай иштердин саны абдан аз, алар балким 2 пайыз болушу мүмкүн. Калган 98 пайыз иштер аталган сайтка жайгашуусу керек. Азыр судьялардын бардыгы сот актыларын жарыялоо мүмкүндүгүнө жетишти. Тактап айтсак, Кыргызстандагы 73 сот мекемесинин 60ы азыр сот актыларын жарыялай алышат. Кыргызстандын алыскы райондорунда интернет боюнча көйгөй болуп жаткандыгы бир аз тоскоолдук болуп жатат. Көпчүлүк сот мекемелеринин кызматкерлери – sot.kg сайтын кандайча колдонууну окуп үйрөнүштү.

-Судъялар мындай кошумча ишке нааразычылык билдирген жокпу?

-Сот актыларын – sot.kg сайтына жайгаштыруу көп болсо 10-15 мүнөт убакытты алат. Албетте соттук иштери көп сот мекемелеринде бул бир аз оорчулукту келтириши мүмкүн. Анткени сайтка жайгаштырууда да талап кы­лынган эрежелерди сактоо менен сот актыларын жайгаштыруу керек. Бирок көпчүлүк судьялар бул иштин коомчулук үчүн эле эмес, өздөрүнүн кесиптик жактан өсүшү үчүн абдан зарыл экенин түшүнүп калышты.

-Сиздер сот реформасын ишке ашыруучу өнөктөш катары, Кыргызстанда судьялардын канчалык эркин экендигине мониторинг жасайсыздарбы? Мисалы, президенттин аппараты, парламент тарабынан. Эгер алардын көз каранды эмес экендигин байкасаңыздар сиздер тараптан эскертүү же кандайдыр бир реакция болобу?

-Мен дароо эле айтаар элем, бул ишке жардам көрсөтүп жаткан эл аралык донорлор саясий уюмдар эмес. Сот реформасын кандай жасаш керектиги тууралуу саясий чечим биздики эмес. Мындай чечим өлкө бийлигинин чечими, бирок биз президенттин аппараты, Жогорку Кеңеш, сот органдары менен да абдан тыгыз иштешебиз. Ошентсе да судьялар­дын көз карандысыздыгы бул абдан чоң маселе. Бул жерде бир нече чечүүчү жагдайлар бар. Биз биринчиден Кыргызстанда соттордун финансылык жактан көз карандысыздыгын жакшы чече баштадык. Акыркы бир нече жылдын ичинде сот тармагын финансылоону көбөйтүү туруктуу болуп жатат. Судья болуп иштегиси келген кесипкөй адамдар да бул тармакка кызыга баштады. Анткени жакшы маяна, иштөөөгө  түзүлгөн шарт аларды кызыктырып жатат.

Азыркы тапта соттук приставдар түзүлүп жатат, бул дагы судьялардын көз карандысыз болушуна шарт түзөт. Азыр Кыргызстандын судьяларынын 70 пайызы мурда судья болуп иштебеген адамдардан турат. 2-3 жыл аралыгында алар кантип судья болууну, чечимди кантип чыгарып, кандайча жазуу керек экендигине үйрөнүшөт. Ошон үчүн жаңы шайлангандар жок дегенде бир айлык окуулардан өтүшөт. Кыргызстандын жарандары судьялардан кандайдыр бир стандарттарды күтүш үчүн алар кайра даярдоолордон, окуулардан өтүшү зарыл, бирок бул процесстер жүрүп жатат. Жакында эле кайра дайындалган судьяларды окутуулар болуп өттү. Окутуу, даярдоо процесстери да оңой иш эмес.

-Эл аралык донорлор судьяларга “телефондук буйрук” менен иштөө практикасын токтотууга таасир көрсөтө алышабы?

-Азыр телефондон эле эмес, кат жүзүндө да кандай чечим чыгаруу тууралуу кайрылган учурлар бар. Албетте, бул ушундай кадамдарга барып жаткан адамдардын эрки. Токтоткусу келсе, мындайды токтотуп коюу оңой эле. Мындайда судьяларга деле жеңил эмес. Ошон үчүн аларды токтотуу механизмдерин киргизүү талапка ылайык. Ушундайга байла- нышкан айрым кагаздар судьяларга жетпей, канцелярияда эле кала бериш керек. Мындай иштердин бардыгын судьяларга эле шылтай берген туура эмес, бардык мамлекеттик органдар судьялардын көз карандысыздыгына аракет кылганы оң.

-Ушундай жагдайды туура жолго салган эл аралык тажрыйба барбы?

-Көптөгөн жакшы да, жаман да тажрыйбалар бар. Азыр кызыкчылыктардын конфликти боюнча мыйзам долбоору каралып жатат, ал боюнча кайсы бир иш боюнча конфликт пайда болуп жатса, аны ачыкка алып чыгыш керек. Бул коррупцияга каршы күрөшүү элементтеринин бири. Мындайды жокко чыгарыш үчүн декларация эле кылып койбостон, такай иштөө да зарыл. Буга байланышкан иштер өзү эле ишке ашпайт, аларды уюштуруу керек, убакыт да талап кылынат. Сот реформасын бир заматта ишке ашыра турган магия жок, андай иштердин бардыгы убакытты жана тандаган жолдон тайбай туруктуу иштөөнү талап кылат. Анан финансылык маселеси чечилбеген мыйзамдарды кабыл албоо керек.

-Сиздер сот мекемелеринин иштери толугу менен электрондук жолго түшкүчө колдоо көрсөтөсүздөрбү?

-Мындай иштер бир топ убакыт мурда башталган. Сот департаментинин алдында Адилет сот ишканасы көптөн бери эле иштеп келатат. Сайтты техникалык жактан коштоо, аны менен иштей тургандарды окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Эң башкысы, мындай иштер мамлекеттин бюджетинен жасалып жатканын белгилей кетүү оң. Биз эмне иштер аткарылыш керектигин аныктап, негизгилерин ишке ашыра алдык. Азыр аткарылып жаткан иштер ЮСАИДцке же ИДЛОго эмес, Жогорку сот менен Соттор кеңешине тиешелүү. Ушун­дай иштерди аткарууга саясий эрктин болгону да маанилүү.

-Сиздер үндөп келе жаткан ачык-айкындык биздеги “телефондон буйрук” берүүлөрдү азайтууга таасир бере алабы?

-Түздөн-түз болбосо да кыйыр таасир этип, ал бара-бара сезилет. Анткени судья өзү кабыл алган чечимди сайтка койгону жатса ага “те­лефондон буйрук” болсо, судья “мен мындай мыйзамсыз ишке кантип барам, себеби ка­был алган чечимди жазып, аны sot.kg сайтына жайгаштырышым керек” деп мындай буйрукту аткаргандан баш тарта алат

-Айтыңызчы, кайсы бир судья өзү кабыл алган чечим мыйзамсыз экенин билип, би­рок аны сайтка жайгаштыргандан баш тартса эмне болот? Ушу жагдайды көзөмөлгө алган инструмент барбы? Антке­ни сот актыларын сайтка жайгаштыруу боюнча акыркы үч жылдан бери айтылып келатат. Бирок судьялар муну көп каалабай жатканы байкалып жатпайбы!

-Бул суроо бүгүнкү күндө чечүүчү маселе бо­луп турат. Ушу жагдайды жөнгө салыш үчүн дисциплинардык комиссия түзүлүп, пайда болгон маселелерди караганы жатат. Мындан башка судьялар өздөрү да, жарандык коом да бул ишти көзөмөлгө алыш керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: