Menu

Малды идентификациялоонун I этабына Өкмөт 40 млн сом жумшады

Бөлүшүү:

Өлкөдө малды идентификациялоонун I этабына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 40 млн сом каражат жумшап, бүгүнкү күндө Талас облусу менен Ош облусунун Ноокат районунда идентификация өнөктүгү аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов бүгүн, 28-мартта, маалымат жыйынында билдирди.

Калысбек Жумакановдун маалыматында, учурда республика боюнча идентификация 55% жүргүзүлдү. Акыркы үч жыл аралыгында бодо жана майда малдды идентификациялоо иштери жүргүзүлөт.

«Идентификация мал жандыктар тууралуу толук маалыматтык электрондук базага киргизүү үчүн жүргүзүлөт. I этабы дээрлик аягына чыгып калды, II табы 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Өкмөттөн 28 млн сом насыя алганбыз. Аны 2018-жылдан баштап биркалардан түшкөн каражаттын эсебинен төлөй баштайбыз. Учурда жүргүзүлгөн идентификациядан 7 млн сом түштү», – деди Калысбек Жумаканов.

Ал республиканын бардык аймактарын ветеринардык адистер менен камсыз кылуу максатында идентификацияны колдоого Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн 450 млн сомдун ичинен 3 миңден ашык ветеринарларды атайын даярдоо курсунан өткөрүүгө да каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Мындан сырткары республика боюнча вакцинация өнөктүгү да башталды. Вакциналарды сатып алууда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы заводдор менен түз келишим түзгөндүктөн 39 млн сом үнөмдөлгөн.

Идентификация, вакцинация иштери жолго коюлуп, өлкөдө эпизотиялык абал туруктуу сакталса, Кыргызстандын 24 компаниясы өз азыктарын Россия Казакстанга экпорттой баштайт. Буга чейин ата мекендик 18 ишкана ЕАЭБ бирдиктүү реестринде турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: