Дүйшөмбү кечинде АКШ, Орусия, Британия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча демилгесине каршылык билдирип чыгышты.
“Мен үчүн эне жана аял катары өзөктүк куралсыз дүйнөдөн баалуу эч нерсе жок. Биз баарыбыз реалист болушубуз керек. Түндүк Корея Улуттар Уюмунун буйругу менен өзөктүк куралдан баш тартат дегенге кимдир бирөө ишенеби?” – деп суроо салды АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.
Өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча өткөн биринчи талкууну отуздай өлкөнүн өкүлдөрү бойкот кылышты. Орусия АКШ сыяктуу эле бул суроонун Башкы ассамблеянын күн тартибине киргизилүүсүнө каршы добуш берди. Кытай так жооп берген жок.
Өзөктүк куралга тыюу салуу сунушун дүйнөдөгү жүздөй мамлекет колдошууда. Ошондой эле бул демилгени колдогондордун арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш, Рим Папасы Франциск жана ондогон гуманитардык уюмдар бар.
Демилгеге каршы чыккандар бул демилге ишке ашпасын белгилешип, буга караганда өзөктүк куралдын жайылуусуна бөгөт койгон натыйжалуу система иштеп чыгууну сунушташууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ