Menu

“Сталин да бир үйдөн беш адамды камаган эмес”

Бөлүшүү:

– Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

Эмилбек Момунов, журналист:

“БИЙЛИК ТАРЫХТА ЭЗЕЛИ КЕТПЕС КАРА ТАК КАЛТЫРДЫ”

– Балким биз эмес, С.Жапаров өзү деле Кыр­гызстанга келсе аны укук коргоо органдары далай кыргыз жигиттеринин канын ичкен А.Батукаевди кандай сый-урмат менен узатса, ошондой эле “сый- урмат” менен тосуп алып, камап коюшарын билгендир. Ошон үчүн ал ушул жеке керт башына түшө турган азап-тозокту алдын ала билип-сезип туруп келди.

Бирок, эч ким анын эки баласын, инилерин, келиндерин кошо беш адамды камап коёт деп күтпөсө керек. Болгондо да атасын чек арадан тосуу үчүн барган, али эне сүтү оозунан кете элек баласын достору менен кошо бети-башын, ички органдарын эзе сабап коёру түшүбүзгө да кирген эмес. Алар Кыргызстандын, кыргыз элинин келечеги, эгер майып болуп калышса, ага ким күнөөлүү болот? Мен өз өлкөмдүн жараны, кыргыз жигити катары ушул митингге чыккандарды жарандык кийимчен алаңгазар жигиттер топтой тепкилеп, жөнөкөй (милициянын эмес) машиналарга салып кеткендигине таң калдым.

Бүгүнкү бийлик мындай жырткычтык кадамга баруу менен өздөрүнүн абийирине Кыр­гызстандын тарыхында эзели өчүрүп кетире алгыс кара так менен кала турган боёк сүртүп койду. Адамзатта эзелтен бери келаткан “Баласы атасы үчүн жооп бербейт” – деген накыл кеп бар. Али кылмышы далилдене элек С.Жапаровдун балдарынын эмне күнөөсү бар эле? Эгер тартипти бузса, мыйзам чегинде жоопко тартышпайбы. Ал эми үйүндө үч айлык эмчектеги баласы калган келининде эмне жазык? Же бизде атасын, кайнатасын чек арадан тосуп албаш керек деген мыйзам барбы?

Бул жерде “Ат көрбөгөн минип өлтүрөт…”,- демекчи, бийлик көрбөгөндөр бийлик деген митинг, пикетке чыккандарды уруп-сабоо же ушинтип коркутуп койсок эле баш көтөрбөй калат деп ойлошсо керек. Мындай өз элине кастыгы менен алар Акаев менен Бакиевди кой, Сталинден да ашып кетишти. Сталин да бир үйдөн беш адамды камаган эмес.

Ошондуктан президент өзү баш болуп, күнөөсүз адамдарды тез арада чыгарып, кызматтык абалынан аша чапкан укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопко тартыш ке­рек. Антпесе элдин назарынан калат…

Камила Талиева, экс-вице- премьер-министр:

“ЭНЕ ЖҮРӨГҮ СЫЗДАП ТУРАТ, ЖАШ БАЛДАРДЫ БОШОТКУЛА”

– Мыйзамдуу мамлекетте баарынан бийик, баалуу нерсе – адам укугу болуп саналат. Албетте, ар бир жаран өз өлкөсүнүн мыйзамдарынын чегинен чыкпай жашоосун, эгер бузса, жооп беришин да унутпашы керек. Маселе Садыр Жапаров боюнча болуп жаткандан кийин, түз суроого түз жооп берсем: мыйзам боюнча бир туугандын кыймыл-аракетине бир тууганы, балдары атасына жооп бербеши керек. Үй- бүлөсүн, ата-эне, бир туугандарын камашы, албетте, аша чапкандык. Качандыр бир кезде жооп берип калыш, келме кезек дегендей жашоо мыйзамдарын да унутпаш керек. Өткөндөн сабак алып жашоого, ар бир кадамга жооп берип калышты унутпаш керек эле, күч органдары.

Мен да эне катары, эне жүрөгү сыздап турган жаран катары айтаар элем, жаш балдарды ур – тепкиге алганды токтоткула, бошоткула, Ички иштер министри Улан Исраилов!!!

Айбек Бусурманкулов, активист:

“МЫНДАЙ КҮЧ КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ ЖАКШЫЛЫККА АЛЫП КЕЛБЕЙТ”

– Буга чейинки бийликтерде бир үйдөн 7 адамды камап коёт деген болгон эмес. Бийлик бу сапар өтө аша чаап кетти. Мындай күч колдонуу ыкмасы жакшылыкка алып келбейт. Муну менен бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Азыр саясый куугунтуктар күч алды. Бийликтегилер өзүнө жакпаган, ага каршы ой айткандардын баарын камап, сотко берип, айып пулга жыгуу күчөй баштады. Ошол себептен бийликтин адилетсиз саясатына каршы, баардык саясый күчтөрдү биригүүгө чакырам.

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук фондунун жетекчиси:

“Ж0ГОРУ ЖАКТАГЫЛАР АКЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ АКЫЛГА СЫЙБАГАН ИШТЕРДИ ЖАСАП ЖАТЫШАТ”

– Бийлик өтө аша чаап жатат. Садыр Жапаровду камагандан кийин бир тууганын, келинин, балдарынын камабай деле койсо болмок. Анткени, алардын эч кандай күнөөсү жок, аларды кошо жазалоо мыйзамда жок. Бул күн дагы өтөт. Мындай мыкаачылык кылгандарга дагы Кудайдын айткандары бар. Бул дүйнө убактылуу. Аркы дүйнөдө ким кандай мыкаачылык кылса бейкүнөө элдерге салган азабын жалгыз өзү тартат. Ал жерде милиция жок, УКМК жок. Ошон үчүн эдиреңдей бербей акыретти да ойлой жүрүш керек. Кыскасы, жогору жактагылар акыркы мезгилде акылга сыйбаган иштерди жасап, өтө пас деңгээлге түшүп жатышат.

Адиль Турдукулов, активист:

“САДЫР ЖАПАРОВ БИЙЛИКТИ СЫНДАГАНЫ ҮЧҮН КУГУУНТУКТАЛЫП, АКЫРЫНДА КАМАЛДЫ”

– Биринчиден, Садыр Жапаров саясый туткун экенин баарыбыз таанып билишибиз керек. Анткени, ал саясый негизде, бийликти, өзгөчө абдан курч сөз, далилдер менен сындаганы үчүн кугуунтукталып, акырында камалды. Ал эми ошол мыйзамсыздыка чыдабай, колдоп келген элди жана анын жакын туугандарын уур-токмоко алып кармаганы бийликтин аша чаап, күч колдонгонун билгизет. Муну бийлик эл нааразычылык акцияларга чыкпагандай кылып, коркутуу амалы бар. Муну көрүп тымпыйып отурган парламент дагы жараксыз, элдин кызыкчылыгын актабаган орган болуп калганын билгизет. Андай парламент бизге кереги жок.

Осунбек Жамансариев, адвокат:

“АША ЧАПКАНДЫК ДЕГЕН УШУЛ”

– Бир үйдөн жети ки­шини камака алуу абдан жаман, бирок, С.Жапаров козголгон кылмыш иш боюнча камалды. Ал эми туугандары кылмыш иш эмес, административдик укук бузуулар боюнча кыска МӨӨНӨТКӨ 2 суткадан 5 суткага чейин камалышкан болсо керек. Менимче, митинг учурунда кичине аша чаап кеткен жагдайлар үчүн кармалып калышты окшойт. Ал эми С.Жапаровдун балдарын уруп сабоо, кандай болгон учурда да туура эмес. Аша чапкандык деген ушул.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер:

“А.АКАЕВДИН УЧУРУНДА ДЕЛЕ МЫНДАН АШКАН КАМООЛОР БОЛГОН

Айрым учурда эл­дин эс тутуму кыска экенин байкоого болот. А. Акаевдин учурунда деле мындан ашкан камоолор болгон. Кийин К. Бакиев да андан ашып каматып, ал түгүл жок кылууларга чейин барганы эстен чыгып кетти. Маселе, кимдир бирөлөрдү каматканда эмес. Маселе бийликтин өткөндөрдөн сабак албагандыгында. Мамлекеттик башкаруу системабыз А.Акаев учурундагыдай эле кала бергендигинде. Соттор мындан 20-25 жыл мурдагыдай эле бийликке көз каранды болууда. Мамлекеттик башкаруу системабызды өзгөртүп, жаңы жолго салмайын ушундай чуру-чуу улана берет. Мамлекет туруктуу өнүгүп, каршылаш күчтөрдүн мыйзам­дуу жол менен талаштарын чечип алууга шарт түзүүчү жалгыз жол мамлекеттик башкаруу системасына Элдик Курултай иниститутун ишке киргизүү болмокчу. Мындан башка жол жок. Акыры ошого барабыз.

Мавлян Аскарбеков, активист:

“БИЗДИН ЭЛДИ КОРКУТУП, КҮЧ МЕНЕН БАШКАРАМ ДЕГЕНДЕР ЖАНЫЛЫШАТ

– Садыр Жапаровду камап, балдарын сабап, коркутам дегени бийликтегилердин башкаларга конгуроо какканынан кабар берет. Бирок, Жапа­ров канчалык күнөөлүү болсо да, аны камашса да бийликке эч ким ишенбейт. Мына, маселе ушунда. Бийлик Бакиевдин катасынан сабак албаптыр. Биздин элди коркутуп, күч менен башкарам дегендер жанылышат. Акыйкаттуулук, калыстык орномоюн эл толкуй берет. Бир күн болбосо дагы бир күнү ууру, коррупционер бийликти сүрүп түшүрөт.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: