Menu

Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугу боюнча тендердин жобосу бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугу боюнча тендердин жобосу бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугу боюнча тендердин жобосу тендерди өткөрүү мөөнөтү жана анын шарттары тууралуу ошондой эле, долбоорду ишке ашыруу боюнча уюмдун жалпы шарттарын аныктайт.

Аны менен бирге, бекитилген документ тендердин катышуучулары менен уюмдун ортосундагы мамилени жөнгө салат. Белгилеп кете турган нерсе, тендерди өткөрүү мамлекет тарабынан кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын коргоого жол бербөө жана анын ачыктыгы менен адилетүүлүгүн камсыздайт. Ошондой эле тендерди өткөрүүдө арыз бергендердин финансылык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды толук карап чыккан соң, инвестордун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын бул тармактагы ишмердүүлүгүн жана тажрыйбасын  аныктоого болот.

Айта кетүүчү жагдай, акыркы жылдары ички рынокто электр энергиясын колдонуучулардын саны өскөнү менен электр энергиясын өндүрүү жана жылуулук электр станцияларын куруу мурдагыдай абалда калууда.

Ушундан улам, энергия менен камсыз кылууда керектөөчүлөрдүн атаандаш, натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу ыкмаларын пайдалануу зарылчылыгы келип чыккан.  Гидроэнергетикалык ресурстардын кичи суулардын жана суу агызгычтардын суу сактоо тилкелер, колдо болгон бардык потенциалы региондордо пайдалануу зарылдыгы бар.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында кубаттуулугу  178 МВт түзүп, орточо жылдык өндүрүшү 1,0 млрд. кВтч болгон 87 кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар болсо, анын 63 перспективдүү болуп эсептелет.

Жалпы болуп өлкөдө 172 дарыянын гидроэнергетикалык потенциалы бар. Алардын техникалык өндүрүмдүүлүгү жылына – 5-8 млрд. кВтч.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: