Беларус президенти Александр Лукашенко үч күндүк расмий сапары менен Түркмөнстанга барды. Беларус президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 30-мартта Лукашенко түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Расмий маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы – эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы болот.
Андан соң мамлекет башчылары Беларустун Ашхабаддагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылуу аземине катышат. 31-мартта болсо Түркмөнстандын чыгышында беларус мамлекеттик компанияларынын катышуусунда курулган Гарлык тоо-кен байытуучу комбинаттын ачылышына барышат.
1 миллиард АКШ долларына бааланган тоо-кен комбинатынын курулушу тууралуу макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Алгачкы план боюнча, анын курулушу 2015-жылы аякташы керек болчу. Комбинаттын ишке берилишинин узакка созулушу тараптардын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан.
2016-жылдын ортосунда беларус компаниясы түркмөн тарапты куруучуларга айлык төлөбөй жатат деп айыптаган. Өз кезегинде Түркмөнстан «Белгорхимпромго» макулдашуу шарттарын аткарбай жатат деген кине койгон. Декабрда Беларус өкмөтү Гарлык тоо-кен комбинатынын курулушун 2017-жылдын 31-мартына карата аяктоо планы бар экенин билдирген.
Комбинат ишке киришкенден кийин Түркмөнстан жылына 1,4 миллион тонна көлөмүндөгү калий жер семирткичин өндүрүүнү пландып жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ