Menu

Турсунбек Акунга кызмат берсе тып басылат

Бөлүшүү:

Аскар Акаевдин бийлик доорунда тынчыбаган Турсунбек Акундун өжөрлүгү жанда жок эле. Чуу чыккан жерде гана жүрчү. Анан Курманбек Бакиев бийликке келгенде башкы укук коргоочу кызматка тартылып, кесилген колдору агарып, костюм-шым кийип, Ак үйдүн 3-кабатында отуруп калган. «Май кармаган бармагын жалайт» дегендей. Кийин акыйкатчы да болду, Атамбаевдин жакшылыгын деле көргөн. Бирок, азыр оппозиционерге айланды. Аз күн мурун камалып, бир жарым миң сом айып пул салынып, азырынча ошол жагынан күрөшүүдө. Кызыгы, кечээ Туке жакын санаалашы менен сүйлөшүп отуруп, агынан жарылганын айтышты. «Бийлик мага кызмат берсе, тынчыбаган Турсунбек Акун тып басылат эле» деп. Чын эле, тынчып калмак. Бирок, президент Атамбаев өчөшкөн адамына оңой менен жибибейт да. Бу жагынан кыялдануу кыйын го…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: