Menu

Аламүдүндүн жогорку айылдары козголуп кете жаздады

Бөлүшүү:

25-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары милиция менен кагылыша кеткенден кийин кызык жагдайды эшиттик. Аламүдүн районунун тоо тарабындагы айылдардын эли козголуп, жоон билек жаштары чогулуп, Бишкекти көздөй түшүүгө даярдана башташканда, милиция митингге чыккан элди тынчытып койбодубу. Ошондон кийин гана жергиликтүү элдин маанайы ордуна келип, жыйылгандар акырындык менен тарап кетиптир. Эми дагы бийликке каршы тополоң-тоз чыгаруу үчүн күчтөр баш көтөрсө, жогорку жактан түрүлүп түшө турган калың катмардын бар экенине ынандык. Айтмакчы, президенттик шайлоого жети гана ай калды. Сабырдуулук менен элдин тынчтыгын сактап, мыйзамдуу түрдө бийликти алмаштырып алсак болбойбу? Кайсы талапкер күчтүү болсо, кимди эл колдосо – ошол президент болсун да. Ага чейин ар кайсы шылтоо менен тополоң салууну калың эл деле каалабай туру.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: