Menu

Бектур Исаков, Кыргыз Республикасынын эл мугалими: “Биздеги эң чоң көйгөй билим берүүнү башкарууда, тескөө иштеринде жатат”

Бөлүшүү:

Кыргыз эл мугалими Бектур Исаков агайсыз бүгүнкү кыргыз педагогикасын элестетүү кыйын. Бектур агайды да улам жылдан-жылга төмөндөп бараткан билим сапаты, мектеп көйгөйлөрү түйшөлтөт.

Бүгүн агай билим берүү көйгөйү тууралуу өз пикирин билдирди.

– Азыр биздин билим берүүдө трибунада айтылып, гезитке жазылып, бирок, иш жүзүнө ашпай, кагаз бетинде эле кала берген куру сөздөр көп. Мен баары үчүн жооп бере албайм, бирок байкагандарымды айта кетейин.

Азыркы учурда баардык шарт бар. Мугалим бар. Мектептер жакшы шартта. Окуу китептери бар. Методикалык колдонмолор да бар. Жөнөкөй катардагы мектепте катардагы окуучуга жалпы орто билим берүүгө шарт бар. Бирок, «тигиндей, мындай» деп арманыбызды айта беребиз. Мурун бир эле бор менен жакшы билим алган учурлар болгон. Биздеги эң чоң көйгөй билим берүүнү башкарууда, уюштуруу, тескөө иштеринде көп кемчиликтер жатат.

Ошол кемчиликтердин натыйжасында балдардын билим деңгээлинин сапаты да, тарбиясы да талапка жооп бербейт. Мугалимдеринин билим берүүсү да талапка жооп бербейт. Мунун баары эмнени айтып турат? Былгып, кабатталып барып бул жогору жактагыларга такалат. Болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сапаттуу билим берүүнүн системаларын иштеп чыгып, анан аны иш жүзүнө ашырыш керек. Уюштуруу иштери күчөтүлүш керек. Баардык билим берүү бутактары кыймылга келтире турган, кыймылдатып турган нерсеге айланыш керек. Азыр бизде ошого айланбай жатат. Республикалык деңгээлде билим берүү министрлиги бар. Облустарда, райондордо билим берүү башкармалыктары бар. Алардын баарында миңдеген кызматкерлер бар. Ошолордун баарында деңгээл төмөндөп кеткен. Профессионалдык, чын жүрөктөн иш алып барган жетекчилер жетишпейт. Мурда методикалык жардам, усулдук жардам деген жакшы нерселер бар болчу. Мамлекеттик масштабда билим берүү бийлигин ойготуш керек.

Кыргызстандын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн билим алуучу армия бар. Ошол армия биздин эртеңки келечегибиз. Муну көлөкөдө калтырбаш керек. Мындай калып менен кете берсек келечек кооптуурак.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: