Menu

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Ө.Текебаевдин элге сиңген эмгегин баарыбыз жакшы билебиз. Кийинки кадамдар элдин тандоосунда болот!”

Бөлүшүү:

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарып,  ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелге чейин УКМК абагында калтырылган. 9-мартта  шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндү калтырып,  10-мартта “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин адвокаты шаардык соттун чечимине макул болбой, арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.

Кечээ, 29-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын арызын карады. Сот процесси Текебаевди колдогон тарапташтарынын, жарандык активисттердин, саясатчылардын катышуусунда чакан митинг менен коштолду. Сөз алып сүйлөгөн ар бир өкүл бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындап, соттордун адилетсиздигин, бийликтин өзүм билемдигин, сөз эркиндигине болгон кысымдар туурасында кеп кылышты. Митингке мурдагы депутат Болот Шер катышып,  өзүнө жана партиялаштарына карата коюлуп жаткан мародер айыптарына кайрылып, президент Атамбаевди да сынга алды: “Элдин мүлкүн мародерлордон сактайлы деп күн-түн дебей 7-8-апрелде көчөдө иштеп жаттык. Анда Атамбаев кайда эле? Үйүндө олтурган болчу. Биз элдик кошуун түзүп тартип орнотуп, башаламандыкта пайдаланып мародерчулук болуп кетпесин деп жүргөндө, азыркы УКМКнын тыңчылары кайда эле? Эл үчүн эмне иштерди жасашты эле? Ошондо алар кай жакты карап жатышты эле? Бүгүн мародерлордон сактайлык деген бизди, мародер кылып жатышат. Айланайын укук коргоочулар. Азыр Жогорку Соттун алдын темир менен тороп, курчап алыпсыңар. Мейли курчагыла, бирок чындыкты минтип курчай албайсыңар”-деди ал. Митингке келгендердин көпчүлүгү жаштар болуп, алар колдоруна “Текебаевге боштондук” деген лозунгдарды кармап турушту. Сөз алып: “абалым Атамбаевдикине караганда жакшы, анткени эл арасындамын, Текебаевдикине караганда жаман, анткени укугу бузулуп жатат”-деген мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун азыркы бийликтин шайы ооп калганын, Атамбаев 7-апрелге жетпей кетип калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

500гө чукул чогулган эл Текебаевдин соттук угууларынын жыйынтыгы чыкканча турушту. Жогорку Соттун маалымат кызматынын башчысы Айнура Токтошева эге чыгып, адвокаттардын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттук коллегия төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырганын кабарлады.

Мындан аркы кадамдар кандай болоору туурасында депутат Садык Шер-Ниязга суроо салдык.

Садык Шер-Нияз, ЖКнын депутаты:

-Садык мырза, каралып жаткан иш бүгүн деле сотто  адилеттик таппады. Кийинки кадамдар кандай болот?

-Жеке өзүмдүн баамымда, бүгүнкү күндө адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин бир эле сот чечпейт. Андан башка Текебаевдин жактоочулары, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана аны колдогон элдин дагы ою бар. Алардын көз-карашы, ой-пикирлери бүгүнкү бийликтин чыгарган чечимдеринен таптакыр башка. Бийлик өз бийлигине таянып баарын кылса болот, бирок чындык баары бир атырылып чыгат. Менин ишенимимде Ө.Текебаевдей кыргыз мамлекетинин демократиясынын түптөлүшүнө, мейли мыйзамдарынын жазылышына, саясатына салым кошкондой, азырынча эч ким салым кошо элек. Чет элдик шылуундун берген көрсөтмөлөрү менен мамлекетке эмгеги сиңген адамды камоо-чындыкты муунтуу. Түрмөгө түшкөн эч нерсе эмес, Нельсон Мандела деле 10 жылдап түрмөдө жаткан. Саясатчынын өлүмү качан бүтөт? Эл анын эмгегин баалабай, билбей калганда бүтөт. Бирок, Ө.Текебаевдин элге сиңген эмгегин баарыбыз жакшы билебиз. Кийинки кадамдар элдин тандоосунда болот.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: