Menu

Гараждан табылган курал-жарактар кимге тиешелүү?

Бөлүшүү:

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги машине токтотуучу жайлардан (гараж) курал-жарак жана жардыруучу заттар табылган. Алардын ичинде «Калашников» автоматтары, «Сайга» прицелдүү винтовкалар жана ар кандай  үлгүдөгү куралдардын ок дарылары, жардыруучу заттар болгон. Аны менен катар автоунаалардын номерлари, курал алып жүрүүгө уруксат берген документтер жана аңчылык күбөлүктөрү да болгон. Учурда аталган окуяга карата Кылмыш жаза-кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектелген жаран: “Куралдардын көбү кылмыштуу топтун жетекчиси, маркум Алмамбет Анапияевден калган” – деп билдирген.

Картинки по запросу в гараже нашли оружия бишкек

Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыкка дал келээри тергөө амалдарынын жыйынтыгында белгилүү болот. 2005-жылдары курал-жарактар уурдалса, 2010-жылдары да көптөгөн милиция аскердик бөлүкчөлөр тонолгон.

Марат ИМАНКУЛОВ, генерал-майор: “Бийликтегилер мактангандын ордуна конкреттүү иштерди алып баруусу керек”

– Экстремисттик, террористтик уюмдар тарабынан коркунучтар көп. Курал-жаракты камдап коюп, керектүү убакта мамлекетке, коомго каршы пайдаланышы толук мүмкүн. Мындай болбойт деген кепилдик жок. Мамлекет, укук коргоо органдары тарабынан эффективдүү иштер жүргүзүлүп, курал-жарактын баары мамлекетке өткөрүлүшү керек эле. Мамлекетти, элибизди сактабаса, азыркыдай саясий тиреш, саясий күчтөр ушул кырдаалда курал пайдаланбайт деп ким кепилдик бере алат? Коопсуз шаар болгон жерде криминал ийнинен чыкпайт. Криминалга аралашкан адамдар мамлекеттин, бийликтин иштерине кийлигише албайт. Анткени ийиндеги чычкандардай, “крысалардай” болуп ийне жутпагыдай кырдаал түзүлгөндө гана коопсуз шаар десек болот. Мындай көрүнүш коопсуз өлкө, коопсуз шаарда гана болот. Бийликтегилер мактангандын ордуна конкреттүү иштерди алып баруу керек. Биринчи кезекте коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бирок эл арасында ал толук кандуу жүрбөй жатат. “Динди үйрөтөбүз” деп, динге жамынып жасап жатышат. Дин эч качан радикалдуу иштерге чакырбайт. Мына ошол үчүн мамлекеттин, бийликтин ролу өтө чоң. Бул процесстердин баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу шарт. Өлкөбүздүн ички коопсуздугу мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка жараша болот. Бийлик кылганы эл тарабынан колдоого алынса, көп нерседен коркпосок болот. Анткени эл ишеним артып жатса, анда өтө күчтүү бийлик болуп саналат. Эгерде бийлик жана оппозиция тарапка бөлүнүүлөр болсо, опурталдуу кырдаал түзүлөт. Бул кырдаал жакшылыкка алып келбестигин барыбыз жакшы билебиз. Биз бир келишимге келип, тынчтыкты, стабилдүүлүктү, коопсуздукту биргелешип орнотуубуз керек.

Артур МЕДЕТБЕКОВ, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор : “Мамлекетибиз курал-жаракты жоготуу, сатуу боюнча Орто Азияда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелинет”

– Акыркы убактагы атышуулар, курал колдонгон жана кылмыш жасалган учурлар да аз эмес. Курал-жарак менен өзүнчө бир саясат жасайбыз деген саясатчылар, кылмышкерлер миң жолу ойлонушу зарыл. Анткени өзүнүн туугандары, жакындары жабыркап калышы мүмкүн. Буга чейин жоголгон куралдарды кайтарып алууда, тилекке каршы укук коргоо органдары жогорку деңгээлде иштей албай чабалдыгын көрсөтүп жатат. Курал-жаракты элден, криминалдык топтордон же болбосо саясий группага таандык жаштардан алууга бардык шарттарды түзүп, оперативдүү ыкчам иштерди жүргүзүү керек. Укук коргоо органдары буга кылдаттык, чыгаандык менен мамиле жасоо зарыл. Анткени курал-жарактын артында чоң таасир бар. Биздин мамлекет курал-жаракты колдонуу, жоготуу, сатуу боюнча Орто Азияда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелинет. Ал эми, гараждан табылган курал-жарактар криминалдык топтордун согушуна же кандайдыр бир саясий топ күчтөрдүн келечектеги иштерине жаратууга жасаган топ болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө ошол курал-жарактарды сатып пайдаланган кээ бир шумпайлар дагы бар. Табылган курал-жарактар, номурлары жана куралдан ок атылганбы же жокпу бүт баарын териштирип бүткөндөн кийин гана кандай максатта чогулганын айтууга болот. Азыр саясий акыбал күчөп турган убак. Саясий абалдын күчөшүнө эң биринчи кезекте бийликтегилер жол бербеши керек.

Марс CАРИЕВ, саясий серепчи: “Кичинекей Кыргызстанда авторитардык режим орносун деп каалап турушат”

– Азыр саясий акыбал курчуп жатканда куралдар табылды деп, элдин көңүл бурдуруу болушу мүмкүн. Буга чейин эмне үчүн табылган жок? Жапаров келээрде эмнеге табылып калды деген суроолор да жаралат. Азыркы бийлик деле кыйраткан жок. Акаев, Бакиевдер канча жылдан бери чет жерде жүрүшөт. Алардын артында дагы канча деген каражаттар бар. Өлкөдө бийликке жете албай элита ичинен чачырап жатат. Алар бийликке жетүүнүн амалын издешүүдө. Сырткы мамлекеттер да тикенектей Кыргызстанда авторитардык режим орносун деп каалап турушат. Москвага деле биздин демократия жакпайт. Тышкы “игроктор” өтө көп. Кыргызстанда бийликке келебиз дегендердин оюндары тышкы “игрокторго” дал келип жатат. Кыргыздарды эки жолу кудай сактады. Азыр үчүнчү революция болот дегендер эч нерсени түшүнгөн жок. Эгерде үчүн революция болсо Кыргызстан чачырап кетет.

Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, ЖКнын эск-спикери, коомдук ишмер: “Өтө көп мыйзам бузуулар болуп жатат”

– Акыркы кезде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин олдоксон иштери өтө жаман. Анда айрымдарынын үйүнөн курал же арабча жазылган китептер табыла турган болсо, “Сен экстремистсиң” деп камакка алууда. Мында өтө көп мыйзам бузуулар болуп жатат. Адегенде алып жүргөн адабияттын экстремист экендигин далилдөө зарыл. Мамлекетибизде динди көзөмөлдөй турган атайын агенттиктин адамдарынын берген корутундусу менен жарандарды соттоп жатат. Кыргызстан радикалдык ислам уюмдарынын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк берип жаткандай сезилет. УКМКнын облустардагы бөлүмдөрүнүн ортосундагы кандайдыр бир мелдеш, жарыш сыяктуу көрүнөт. “Мен көп таптым”, “Сен көп таптың” дегендей кылып, эптеп эле адамдардын баарын шылтоолоп кармап жаткандыгы жаман болууда.

Токон МАМЫТОВ, Кыргызстан элдеринин башкы ассамблеясынын жетекчиси: “Катылып жаткан куралдар адам өмүрүнө коркунуч жаратат” 

– Буга чейинки төңкөрүш жана чек ара кызматынын аскер бөлүгүнөн куралдар уурдалып сатылган. Анда өзгөчө уюшулган кылмыштык топтор аркылуу уурдалып, акыры бир жерде ушинтип сакталган. Кеч болсо дагы укук коргоо органдары куралдарды таап чыгууда. Анткени алардын иши текке кетпей мындай натыйжа берип жатат. Өлкөбүздүн коопсуздугун сактоо ар бир жарандын милдети эмеспи. Эми күзүндө өтө турчу президенттик шайлоого даярдыктар болуп жатат. Арабызда айрым саясий күчтөр дагы жок эмес. Анда кандайдыр бир жол менен өлкөнүн ичиндеги стабилдүүлүктү жок кылуу ойлору бар болушу мүмкүн. Мына ушулардын баары мамлекеттин коопсуздугуна таасир берет. Мисалы, катылып жаткан куралдар адам өмүрүнө коркунуч жаратат. Укук коргоо органдары күн-түн дебей куралдарды издеп табууга аракет жасоо керек.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: