Menu

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин билдирүүсү: “Мен, биздин өлкөнүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын бир чоң камерасына айланышына каршымын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деген темада тегерек үстөл өттү. Бул иш чарага бийлик, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ММК, мамлекеттик эмес уюмдардын өкулдөрү жана жарандык активисттер катышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чара учурунда Акыйкатчы Кубат Оторбаев мындай билдирүү жасады:

Урматтуу тегерек столдун катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мамлекеттик деңгээлде кол койулган эл аралык келишимдер бийликти адам укутарын жана эркиндигин сыйлоого милдеттендирет.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тигил же бул саясий партиянын мүчөсү эмес. Акыйкатчы Институту саясаттан тышкары. Милдети адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо алуу болуп саналат. Биз, саясат жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо ортосундагы так чекти сактоо менен тараптар ортосунда диологту камсыздоону  милдеттеме катары кабыл алабыз.

2017-жылдын башынан тарта, Кыргыз Республикасында граждандык коом менен калкты тынсыздандырган окуялар байма бай орун алууда.  Кеп тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо, демократия, жарандардын укугу менен эркиндиктерин коргоого тиешелүү.

Граждандык активисттер тарабынан нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, активисттердин кармалышы , көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынына карата миллиондогон соттук териштирүүлөр Кыргыз Республикасында жаңы саясий доордун башталышынан кабар берип калды.

Бийлик коррупция, терроризм жана экстремизм менен күрөштү катуу жүргүзүп жаткандыгын белгилейт. Биз бир эле окуяга карама каршы пикирлер ачыкталып жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул ажырым барган сайын тереңдеп баратат. Бийлик менен коомдун анын ичинде оппаненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар.

Мен, мыйзамдуулукту, коррупцияга каршы күрөштү колдойм, күнөлүүлөр калыс, обьективдүү мыйзам чегиндеги соттук териштирүүлөрдүн алкагында жазасын алууга тийиш. Койулган айыптоолор , өзгөчө бийликтин оппаненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык.

Бул жылы, баардыгыбыз, өлкөдөгү  демокартиянын аталары болгон, 37-38-жылдары сталиндик системадан башкача багытта ой жүгүртүп, пикирин билдиргени үчүн гана  саясий  террордун курмандыктарына айланган Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов сыяктуу мекенчил бабаларыбыздын элесине таазим кылып, эскеребиз.

Бир жумадан кийин, 2010-жылдагы апрел окуяларынын жети жылдыгын өткөрөбүз. Жакында эле, 2005-жылдын 24-мартын белгиледик.

Өлкөбүз керемет, элибиз чыдамкай. Акыйкатчы катары, күн алыс,  сот корпусу менен укук коргоо органдары тарабынан болуп көрбөгөндөй коррупцияга жана тартип бузууларга жол берилип жаткандыгына күбөмүн. Иликтөө жана сот процесстеринде моюнга алдыруунун куралы катары кыйноолор, атайын жасалма бут тосуу, талап тоноочулук, коркутуулар дагы деле колдонулуп жатат.

Укук коргоо органдарын, анын ичинде прокуратура, Улуттук Коопсуздук кызматы, сот системасын реформаламайынча калыстык жана мыйзамдуулук тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес. Кечээ, мамлекет башчыбыз Ички иштер министрин кабыл алып жатып дагы, ички иштер органдарын реформалоо зарылчылыгын билдирди.

Талашсыз жана ачык көрүнүп турган кыйноо фактыларына болгон далилдер  – сот жана тергөө тарабынан этибарга алынбай, (“игнорго салынып”), тескерисинче фейк жана жоктон бар кылынган фальш,  айыпты тастыктаган далил катары кабыл алынып жатат.

Өткөн жылы, Акыйкатчынын дарегине 2015-жылга салыштырмалуу эки эсе көп кайрылуулар болду. Алардын көпчүлүгү соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматерлеринин иш аракеттерине же такыр эле текеберчилигине даттанышат.

Биздин демократия менен сөз эркиндигинен башка жетишкендигибиз жок. Бизде Голливуд жок, бизде Тайота же Мерседестин өндүрүшү жок. Бизде ааламда ракета калкыбайт. Бизде Астана сымал жаңы ири шаарлар жок. Бирок, жеке таланттардын жана билимдүүлөрдүн эсебинен бийик жетишкендиктерге умтулган чыдамкай жана эркиндикти сүйгөн эл бар.

Мен эркин ой жүгүртүүнү жана ачык айкын пикир билдирүүнү колдойм. Ошол эле учурда, тынчтык митингтери жарандардын коопсуздугу менен коомдук тартипти бузууга  жол берген баш аламандыкка айланып кетишине каршымын.

Мен, бийликти оппаненттеринин альтернативдик пикирин сыйлоого чакырам.

Демократия жаатындагы жетишкендиктерибиз жоголуу коркунучунда деген коңгуроо кагып, тынсыздануумду билдирем.

Мен, эгемен өлкөбүз Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын бир чоң камерасына айланышына каршымын.

“Азаттык”, “Заноза”, “24.kg» жана «Клооп» басылмаларынын журналисттерин жоопкерчиликке тарткыбыз келсе, башка буйрутма, каралоо материалдарын жайылтып жаткан негизги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы  жоопкерчиликке тартылышын карашыбыз керек деген пикирдемин.

Мен мамлекеттик телеканалдардын жетекчилерин алтернативдик пикирлерге дагы аянтча берүүгө чакырам.

Ал бир жарандын соттук корголушу мыйзам жана сот алдындагы теңдик айрымачылыктарга , жеке жана коомдук мүнөздөгү шарт менен кырдаалга көз каранды болбой теңдик башатында калыстык сот аркылуу аткарылуусунун кепилдигин, ошондой эле, соттордун КРнын Конституциясына жана мыйзамдарына  гана биш ийген көз карандысыздыгын эске алып, сот органдарын Башкы прокуратуранын мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин кадыр баркына шек келтирди деген жарандык доосуна карата калыс чечим чыгарууга, “Заноза”, “Азаттык” сайттарынын эсептеринин камакка алынышын кайра карап чыгууга чакырам.

Банктык эсептердин камактан чыгарылышы менен аты аталган басылмалардын кызматкерлеринин Конституция менен кепилденген жумуш иштөөгө жана ага акы алууга болгон укугун коргогон болобуз деп эсептейм.

100 кишини камап койсок болот, бирок, бийлик менен байлыктан ар намысын бийик койгон, миллиондогон эркин жарандардын  пикирлерин эске албай койо албайбыз.

Биз, демократия жана эркиндик үчүн күрөшүүдөбүз. Мен дагы, 20 жылдан бери, көз карандысыз журналист катары, Акаев, андан кийин, Бакиевдин мыйзамсыздык жана коррупциялык ишмердигине каршы күрөшүп келгем.

Мен, адам укуктары менен эркиндиктерин чектеген кадамдарга каршымын!

Мен, тынчтык митингдернин өткөрүүгө жана эркин пикир билдирүүлөрдү чектөөгө каршымын!

Баш кесмек бар, тил кесмек жок!

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: