ЖК депутаты А.Салянованын демилгеси менен эрте турмуш курууга каршы мыйзам кабыл алынды. Бирок, аны жүзөгө ашыруу үчүн да көп түшүндүрүү иштери керек.
«Данакер» үй-бүлөнү бекемдоо борборунун кызматкери, психолог Сүйүн Курманова бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда бир жылда 14 жаштан 17 жашка чейинки 2000ге жакын кыз эрте турмуш курарын айтат. «Мунун бир себеби диний түшүнүктөрдөн улам болууда десек болот. Алар балдарын 5-6-клаастан кийин окуптай медресеге берет. Ал жактан тарбияланган кыз өз укугун билбей 15-16 жашында эле ата-энеси айткан адамга турмушка чыгып кетет. Айрымдары социалдык жактан кыйналгандыктан да ушундай кадамга барышы мүмкүн.
Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку жети жылдын (2010-2016) аралыгында 368 007 түгөй никеге турса, ушул эле учурда 61412 ажырашуу катталган.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ