Menu

«Азия Ньюс» жазды эле, министр Исраилов иштен алды…

Бөлүшүү:

Министрликтен алган маалыматтарыбызга караганда, ИИМдин өздүк коопсуздук кызматына А.Абдраимов тууралуу келип түшкөн бир катар маалыматтардан улам анын үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, төмөнкүлөр аныкталды:

Министрликтин көрсөтмөсүнүн негизинде 2016-жылдын 9-декабрынан 12-декабрына чейин ИИМдин ККББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги А.Абдраимов 2016-жылдын 15-ноябрындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын щайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоонун чаралары жөнүндөгү» буйругунун талаптарын аткаруу жана коомдук тартиптин сакталышын ыкчам көзөмөлдөө, шайлоо участокторундагы коомдук тартиптин кандай деңгээлде жүргүзүшүп жатышкандыгына ыкчам байкоо жүргүзүү максатында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагына иш сапарга жөнөтүлгөн. Бирок, полковник А. Абдраимов жогорудагы иш сапарга Ош, Жалал-Абад облустарына барган эмес, ошол эле убакта аны менен чогуу бара турган кызматкерине иш сапарга кетип жатканда «самолетко билет алып учуп кете бер, мен кызматтык автоунаа менен барам» деп айткандыгы аныкталган. Мындан тышкары, «иш сапардагы тиешелүү документтерди толугу менен тууралап жасай кел» деп А. Абдраимов сурангандыгы да аныкталган. Ал самолет жана автоунаа менен да Ош, Жалал-Абад облустарына барбагандыгы, ал тарап менен телефон аркылуу гана байланышып тургандыгы тастыкталган. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө А. Абдраимов ИИМдин 2016-жылдын
8-декабрындагы көрсөтмөлөрүнүн талаптарын аткарбай, Ош, Жалал-Абад облустарына иш сапарга барбай, «ал жактарга иш сапарга бардым» деп ИИМдин жетекчилигине жалган маалыматтарды берип, кызматтык иликтөө өткөрүү учурунда чындыкты жазып бербестен, адаштырууга аракет кылган. Аталган иш сапарына баруу үчүн А.Абдраимов ИИМдин кассасынан 6350 сомду «командировкалык чыгымдарга» деп алып, иш сапарга барбастан, жалган документтерди жасап келип, аванстык отчетун берген. Мындан тышкары, «кызматтык автоунаа менен иш сапарга барам» деп ИИМдин автотехникалык чарбасынан 140 литр Аи-92 үлгүсүндөгү майдын талонун алган.’Иш сапарга баруу үчүн бардыгы 11362 сом каражат жумшалган (6350 + 5012 = 11362сом). Ошол эле учурда ал «бардым» деп жаткан кызматтык автоунаасы бузук болгондугуна байланыштуу ремонтто токтоп тургандыгы да байкалып калган. «Мен иш сапарга барып келдим, төмөндөгү иштерди аткардым» деп башкы штабга да эч кандай отчёт берген эмес.

Өзүнүн кыймыл аракети менен полковник А.Абдраимов ички иштер органдарынын тартиптик уставынын, «КР Ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын кодексинин талаптарын, «КР Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобосунун талаптарын одоно түрдө бузгандыгы аныкталды. Кызматкердин жүрүм-туруму ар дайым жана ар кандай кырдаалдарда кынтыксыз болуп, укуктук тартипти сактоонун кесипкөйлүгү менен адептик-этиканын принциптеринин жогорку стандартына ылайык келиши керек. Кызматтык тартипти бекем жана так сактоого үлгү көрсөтөт, кандай гана жагдай болбосун чынчыл болуусу керек. Кызматкерлер үчүн жобо менен бекитилген чектөөлөрдү сактабаса, ал кызматтык тартипти одоно бузууга кирет.

Ошондуктан, А.Абдраимовдун кыймыл-аракеттерине юридикалык жактан баа берүү үчүн топтолгон иш кагаздары прокуратура органдарына жиберилген. А.Абдраимов Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарга барбай, ал жактарга «иш сапарга бардым» деп жалган көрсөтмөлөрдү берип, ИИМнин жетекчилигине калп маалыматтарды берип, кызматтык иликтөө өткөрүү учурунда чындыкты жазып бербестен адаштырууга аракет кылгандыгы үчүн милициянын полковниги Абдраимов Адилбек Туркбаевичке ээлеген кызматьшан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик жазасы жарыяланды. Кызматтык иликтөөнүн корутундусу менен А.Абдраимов тааныштырылган. А.Абдраимовдун КР кылмыш жаза кодексинин 305-жана 315-беренелериндеги көрсөтүлгөн кылмыш белгилерин жасагандыгы кызматтык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө байкалган. Бирок, прокуратура органы үстүнөн иш козгоодон баш тарткандыгы маалым. Бул маселе боюнча кайрадан анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү тууралуу да кат жиберилди.

Ошентип, «Азия Ньюс» гезитинде бир топ убакыттар бою сөз болуп келе жаткан А.Абдраимовдун ИИМ жетекчилигин «иш сапарга барып келдим» деп алдагандыгы иш сапарга тиешелүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы такталгандыгы жана жогоруда айтылган текшерүүлөрдө аныкталган бардык жагдайлардын негизинде иштен алынгандыгы ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан тастыкталды.

P.S. ИИМ башчысы Улан Исраилов “Азия ньюска” чыккан милиционерлердин «итчилигинен» ар убак кабардар болуп турса, журналисттер журтчулугунан качпай, ар убак элге жакын болсо, тармактагы «крысалардан» кутулса, кирди-чыкты, өмүр баян үчүн жазылган министр болбой, адилеттүү жетекчи болуп калат беле?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: