Кыргызстандын атайын кызматы жайгашкан имаратынын алдында күч түзүмдөрү парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлерин кууп таратышты. Митингге бир нече жүз киши катышты. Натыйжада, 64 киши эки суткадан беш суткага чейин камалып, 12 кишиге айып салынды.
Экс-депутаттын тарапкерлери нааразылык акциясына ал камалган соң чыгышты. Кыргызстанда Жапаров бир нече учурлар боюнча белгилүү: 2009-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттикти жетектеген, 2010-жылы «Ата Журт» партиясынан депутаттыкка шайланган, 2012-жылы «алдамчылык жасаган» деген тек менен аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылышты. Ошол эле жылы ал митинг уюштурууга катышып, анын жүрүшүндө партиялашы Камчыбек Ташиев Акүйгө дубалдан ашып кирмекчи болду. Бул аракети ишке ашпай калып, Ташиев менен Жапаровду «бийликти басып алууга аракет жасады» деген айып менен бир жарым жылга эркинен ажыратышты. Үч айдан кийин саясатчылар акталышты, бирок, мандатынан ажырап, саясаттан убактылуу кетүүгө аргасыз болушту. 2013-жылы Жапаров «Кумтөр» кенине каршы уюштурулган бир катар митингдерге катышты. Анын жүрүшүндө кенге ток берүүчү подстанцияны өчүрүп, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүн барымтага алышты. Акциянын түздөн-түз катышуучулары кармалып, соттолушту. Жапаров болсо өлкөдөн чыгып кеткен. Март айынын башында Жапаров видеокайрылуу жасап, мекенине кайтып келмекчи экенин билдирген. 25-мартта Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан жеринен атайын кызматтар тарабынан кармалып, Улуттук коопсуздук комитетине жеткирилди. Көп өтпөй УКМКнын алдында митинг
башталып, ал чогулгандарды кууп таратуу, камакка алуу менен аяктады.
Бул окуяда күтүүсүз эч нерсе жок. Жапаров камалаарын, атайын кызматтар аны качан, кайсы жерден тосуп алаарды билишкен, митингге чыкандар да өздөрүнүн лидерин күтүп, нааразылык акциясына камданып турушкан.
Садыр Жапаровдун камаларын билип туруп эмне үчүн мекенине кайтып келгени кызык суроо. Мүмкүн болуучу варианттардын бири – президенттик шайлоонун алдында саясатка кайра кайтып келгиси келди
окшойт. Камакта жаткан учурда Жапаров чындык үчүн азап тарткан кишинин образы менен жергиликтүү элдин арасында популярдуулукка ээ болушу мүмкүн. Анын тарапкерлери нааразылык активдүлүүгүн күчөтүп, абалды курчутууга, бийлик менен күч түзүмдөрүн бир катар каталарды кетирүүгө мажбурлоого аракет кылышаары ыктымал.
Жапаров азыркы президент менен анын командасына нааразы болгондорду өз тегерегине бириктирүүчү күчтөрдүн бири болуп калышы да мүмкүн. Анткен менен мындай пландардын бир «бирогу» бар, учурда
азыркы бийликке нааразылык билдирген саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин саны анчалык көп эмес. Ири саясый фигуралар, ошондой эле колунда ресурсу бар элиталык топтор нааразылыкка кошулбай, четте турушат. Айрым саясатчылардын туугандары, жердештери, шаардыктардын тар катмары, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн бир бөлүгү гана нааразылык билдирип жатышат. Жарандырдын негизги массасы азырынча пассивдүү, абал өзгөрүшү үчүн бийликтегилер бир топ жолу олуттуу ката кетирүүсү, же президенттин каршылаштарын колдогон бир кыйла ресурстар керек.
Өз кезегенде Алмазбек Атамбаевдин командасы да кол куушуруп отурган жери жок. Анын Социал-демократтар партиясында (КСДП), жер-жерлердеги бийлик органдарында, ЖМКларда жана күч түзүмдөрүндө – түзүмдөрдүн жана медиа мейкиндиктин көзөмөлдүүлүгүн жогорулатуу багытында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Нааразы болгондордун кээ бирлерине кылмыш иши козголду. Кыргыз сот адилеттигинин каардуу кылычына эң акыркылардан болуп оппозиция өкүлү, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов туш болду. Парламент депутатына «коррупция» деген берене боюнча айып коюлду.
Григорий Михайлов, “Независимая газета”
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ