Түркмөн өкмөтү апрелден тарта мунайгаз тармагында эмгектенген жарандардын маянасынан 15-20%дан кармап кала баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришүүдө.
Маалыматка караганда, жумушчулардын маянасынан алынган акча сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарын каржылоого жумшалат.
Бул маалыматты «Азаттыктын» түркмөн кызматына “Гамышлыжа небит” мунай өндүрүү ишканасынын, ошондой эле Балкан облусундагы “Туркменнебит” мамлекеттик корпорациясынын кызматкерлери ырасташты.
Алардын айтымдарында, акыркы бир нече күндөн бери өлкөнүн мунайгаз тармагындагы бардык ишканалардын жумушчулары Азия оюндарын өткөрүүгө «ыктыярдуу жардам» катары айлыгынан акча кармап калуу өтүнүчү менен арыз жазууга милдеттендирилүүдө.
Айлыктын 15-20% кармап калуу ушул жылдын апрелинен сентябрына чейин уланары кабарланууда. Буга чейин мамлекеттик ишканалардын башка тармактарында иштеген кызматкердин да айлыктарынан акча кармалып, жеке ишкерлер «ыктыярдуу негизде» акча бере тургандыктары айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ