Menu

Эл өкүлдөрүн тоготпогон Панкратов

Бөлүшүү:

Вице-премьер министр Олег Панкратовдун эл өкүлдөрүн чымын чакканчалык дагы көрбөсү Кожобек Рыспаевдин ачуусун келтирди. Буга Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде “КРдин бажы тарифи жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор каралып, талкууга чакыртылган Панкратовдун жыйынга келбей койгону себеп болду. Мындан улам, депутат Рыспаев: “Эки-үч жолу ушундай кылды. Өткөн жылы да ушундай кылган”, – деп күпүлдөп, эси барда этегин жапсын деген ишарат жасады. Ырасында, буга чейин да Панкратовдун кылыгына чыдабаган эл өкүлдөрү вице-премьердин жүрүм-турумуна баа берүү керектигин, керек болсо иштен айдоо зарыл экенин белгилешкен. Бирок азырынча колдорунан эч нерсе келе элек. Анан ким тоготмок эле?.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: