Menu

Адахан Мадумаров: «Ата-Мекендин” депутаттары үчүн адамга караганда депутаттык мандат кымбат болуп олтурат»

Бөлүшүү:

(Башталышы мурунку санда)

— Адахан Кимсанбаевич, эл арасында “Адахан Мадумаровдун айткан сөзү бутага таамай тийип, бийликти алмаштырып жибергенге чейин алып барат. Депутат кезинде Жалал-Абадда абакта жаткан кесиптеши Бекназаров тууралуу эртең мененки бир билдирүүсү бийликти алмаштырганга чейин алып барган. Бүгүн саясатта үзөңгүлөш болуп келген Текебаев камалганда эмне үчүн ошондой жалындуу сөзүн айтып чыкпай жатат?” деген сөздөр болуп жатат?

— Мен Текебаев боюнча өзүмдүн пикиримди айттым. Кармалаар замат айттым. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, каалайбы-каалабайбы кыргыз парламентаризм тарыхында Текебаевдин чоң орду бар. Анын иш аракеттери оң же терспи, ал башка маселе. Инсан катары тарыхта орду бар киши экени талашсыз. Маданият министрлиги бизге тийбей калды дегендей болуп өкүрүп кошок кошуп баргандай болуп, ошол азаматтар биздин жетекчибизди адилетсиз камап койду деп өкүрүктү салышса жакшы болмок.

— Шайлоодо Мадумаровдун партиясы өтүп, анын ордуна Текебаевдин партиясы олтуруп калгандан соң ич күйдүлүгү бар, ошол үчүн үн катпай олтурат деп чечмелесе болобу?

— Мен биринчи күнү эле үн катпадымбы. Эгер мен 2002-жылдагыдай депутат болуп олтурганымда парламенттен көтөрүп чыкмакмын. Себеп, мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттын милдети. Азыр менин кайсыл милдетим, кандай укугум бар?

— Мадумаров деген микрофонуңуз бар да?

— Мадумаров деген микрофон менен Текебаевди оор кылмышкер, жанкечти катары дикилдетип жетелеп баруу айбанчылык деп айттым. Сиз айтып жаткан маселени “Ата-Мекендин” 11 депутаты күн-түн дебей көтөрүшү керек. Мени маселени көтөрүп чыкпай жатат дегендер ал сөзүн бир жерине салып алышсын. Бир эмес эки жолу “Бүтүн Кыргызстандын” парламентке киришине тикеден-тике тоскоолдук кылган “Ата-Мекен” экенине карабай өзүмдүн адилеттүү сөзүмдү айттым. Текебаевдин адамдык, депутаттык бийик даражасын айтып олтурам. Принциби туура келбей калдыбы, “Ата-Мекен” партиясынын депутаттары бүтүндөй мандаттарын тапшырып, бийликке нааразычылык көрсөтүп, жыйындар залынан чыгып кетип калышы керек. Алар үчүн адамга караганда депутаттык мандат кымбат болуп олтурат. Президент болот элем деген азаматтар да “лам” деп сөз айталбай олтурушат.

— Революцияны чогуу жасаган, чогуу бийлик жүргүзгөн үзөңгүлөш эки лидер бири-биринин айыбын ачканы үчүн экинчиси камакка түшүп калышына себеп болду деген ой жүгүртүү жаңылыштык болсо керек?

— Буга адамкерчиликти бул жакка коюп туруп, саясий өңүттөн гана баа бериш мүмкүн. Мында адамгерчиликтин тийешеси жок. Тек гана саясий өңүт. Бул оюн. Жаш кезде жыгачтан кылыч жасап алып “Мен Рүстөм, сен Сухрабсың” деп чабышат элек. Ошондой оюн болду. Ойноп жатып биринчиси экинчисин байкабастан сайып алды. Анысы эрежени буздуң деп бир чапты эле, мунусу мен оюн кезинде чаптым деп экинчи жолу чапты эле, ошону менен балээнин баары башталды. Адамкерчилик болгондо бул маселе чыкпайт болчу. Саясий жактан эртеби-кечпи чыкмак. Мен 2010-жылы эле бирин-бири чукуп, бирин-бири көмө турган күндөр келет деп айткам. Мына ошол мезгилде башкалар Конституцияны жерге-сууга тийгизбей мактап жүргөндө Мадумаров “Бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат!” деп чыркыраган чындыкты айтып чыккам. Алып келдиби? Алып келди. Ошол мезгилде Текебаев өзү теледебатта “Ушул системанын жакшы экенине баары макул болду, жалгыз сиз калдыңыз. Эмне мынча көгөрөсүз?” деп айткан. Мен көгөрөм. Себеп, чындык мен тарапта экенине ишенгем. Ошол Конституция баардыгынын түбүнө жетет. Эң жаманы мамлекеттин түбүнө жеткени баратат. Бүгүн мамлекеттүүлүктүн аты бар, заты жок болуп калды. Кайгы ушунда.

— Эмне үчүн камоону Текебаевден баштады?

— Текебаев мугалим, башынан туура тарбия алган киши катарында бүгүнкү система туура эмес кетип баратканына көзү жетип, намыска келип, ошого каршы күрөш баштап алды.

— Эгерде Текебаевди Конституцияны өзгөртүүдө комиссиянын “атасы” кылып калтырып койгондо бул тиреш болбой калышы мүмкүн беле?

— Бул экинчи маселе. Адамдын көкүрөгүндө муштумдай болгон эт бар. Ошол эт менде таза деп бир да инсан айта албайт. Ал жүрөк. Жүрөктүн ичинде көрө албастык, ичи тардык, кызганыч деген шайтанга жакын касиеттер бар. Мына ошол сезимдердин бири. Эгерде Текебаевди чакырып, “Биринчи баскычты жакшы басып өттүк, экинчи баскычты дагы ийгиликтүү өтүшүбүз керек. Өзүңүздүн гана колуңуздан келет, өзүңүз ушул долбоорду карап бериңиз. Сиз Конституциянын атасысыз” деген болсо, азыркы саясат башка өңүттө кетиши мүмкүн эле.

— Конституциялык реформа Текебаевсиз өтүп, Өмүрбек Чиркешович “Конституциянын атасы” болбой калгандан улам таарыныч пайда болду окшойт…

— Бул ал кишинин ичиндеги сезим. Бул жактагы кишинин ичиндеги сезими ага карама-каршы келди. Натыйжасын көрүп жатпайсызбы. Системанын тиреши эмес, эки кишинин ортосундагы тиреш.

— Текебаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып алып, өзүнүн адвокаттары аркылуу Дача-СУда кулаган учактагы жүк Атамбаевге жана анын жубайына таандык деген документти жарыялабадыбы. Ушул дагы окуяны курчутуп тездетти окшойт?

— Ар бир айтылган сөз бир окуяны тездетет же окуяны токтотот. Маселенин баардыгы коюлган суроого жооп табылбай калган кезде чыгат. Бул бир КАМАЗ, бусик, “Тико” эмес да, ал 130 тонна жүк ташый турган “Боинг” деген учак. Учак кагазга кол коюлмайынча учпайт. “Тико” менен шакты аралап ууру жолдор менен кирип келсең болот. Гонконг деген Бишкек эмес. Ар бир жүккө кол коюлат. Кайдан чыкты, ким кол койду, канча төлөдү дегендин баары жазылат. Жүктүн ээси болушу керек. Эгерде жүк жөнөкөй инсандыкы болгон болсо заматта чыгармак. Кыргыз ишкерлериники болгон болсо тизмеси менен чыкмак. Ушул кезге чейин дым болуп, эч кандай маалымат чыкпай жатканы да көп нерселерди пайда кылат. Биз депутат болуп турган кезде Францияга учканда депутат Алишер Абдумомуновдун чемоданы Японияга кетип калыптыр. Кийими ошол чемодандын ичинде кеткен. Кийинки күнү таңкы саат алтыга чейин чемоданды Токиодон алып келип койду. Кийими ошол жакка кетип калганы үчүн авиа компаниянын өкүлдөрү кечирим сурашып, кийе турган кийим сатып беришкен. Мына тартип. Кичинекей чемоданды Токиого кеткен жеринен таап алып жатат да, 130 тонна жүк ташыган учактагы жүк кимдики экенин УКМК таба албай калабы?

— Сиз жана маданият өлдү деп өкүрүп кошок кошкондор тууралуу сөз кыпчый кеттиңиз. Президент жакында эле маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сиз дагы убагында Мамлекеттик катчы болуп иштегенсиз. Сыйлыктар өз ордун таптыбы? Маданиятка жетишерлик көңүл бурулуп жатабы?

— Пачкалап сыйлык берип жатканы да уят маселе. Депутаттардын, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтердин деңгээли кандай түшсө, бүгүн сыйлыктардын деңгээли да ошондой түшүп кетти. СССРдин Эл артисти болгон Самара эже 70 жашка толгондо берсе жарашат эле. Самара Токтакунова комузду колуна көтөрүп, нукура кыргыздын жүзүн көрсөтүп, болгондо дагы элдик аспаптар тармагындагы жалгыз СССРдин Эл артисти болгондон кийин көңүл бурууга милдеттүү эле. Мазактагандай болуп премьер Т. Сариев өкмөттүн ардак грамотасын тапшырды. Ал эже СССР деген мамлекеттин сыйлыктарын алган залкар. СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиевдин 75 жылдыгы өттү. Залкар инсандын мааракесине Маданият министри да барып койгонго жарабады. Кыргыз кино искусствосунда Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдин деңгээлине жеткен бир киши жок. Голливуддун жылдыздары видео аркылуу куттуктады. Россиядан Михалков, Кончаловский баштаган мыктылар куттукташты. Кыргыздын маданият министри барып койгон жок да. Бир депутаты басып барган жок. Бул өтө чоң уят маселе. Улуттун уюткусуна согулган чоң сокку. “Маданият министрлиги бизге тийбей калды, маданият өлдү, көмүлдү” дешип өкүрүп чыгышпады беле. Өгүздөй өкүрүп чыккан азаматтардын бирөөсүн да ошол жерде көргөн жокмун. Кыргыз маданиятын туу чокусуна чыгарып койгон Самара Токтакунова эжебиздин тою экен деп барып койгонун көрбөдүм. Казакстандан Болот Шамшиевдин кесиптештери келип, аларга сөз берилди. Алар чыгып “Бизде дүйнөдө 9-орунда турган керемет кенен жерибиз, дүйнөдө алдыңкы орундарда турган мунайыбыз, газыбыз бар. Бүтүндөй аалам тааныган, аалам урматтап сыйлаган Нурсултан Назарбаев деген президентибиз бар. Баардык жагынан телегейибиз тегиз. Мактансак мактана турган кезибиз. Бир өксүгүбүз бар, ал бир Бокебиз жок. Боке жүрүңүз, тоюңузду Казакстанда тойлойлу” деп айтты. Казак туугандарыбыз бизди бычаксыз мууздуп, жипсиз муунтуп кетишти. Закир Дүйшөнбек уулу деген жаш жигит чыгып жатат. Комузду ал жигитчелик черткен эч ким жок. Сыйлыкты ошого окшогон жигиттер алыш керек. Очокто калган чоктой болгон жылдыздар бар. 10 мүнөттөн кийин карасаң эч нерсеси жок күлгө айланып калгандар. Ошолорду жыйнап алып сыйлык берип жатат. Эми аман эле болсун. Бул тышкы саясаттын эле эмес, ички саясаттын, анын ичинде маданияттын боткосун чыгарып жибергендин белгиси.

— Курманжан Датканын номур биринчи орденин кыргыздын кыздарынан татыктуу эч ким чыкпай калгандай болуп, президентибиз Германиянын канцлери Меркелге тапшырып келди. Ушул орденди Самара Токтакунова эжеге тапшырса жарашат беле?

— Ошол орден берилер замат ал айымдын жакшы эмес сүрөттөрү чыгып баштады. Датканын касиети, тазалыгы кандай? Айтып жүрүшөт, Датка канча бала төрөсө, канча бала эмизсе, күн-түн болобу даарат алып келмейинче эмчек оозго салган эмес деп. Аксакалдар анын колдоочусу – кызыл жолборс болгон деп айтып жүрүшөт. Жараткандан берилген өзүнчө касиет. Ошол энебиздин атындагы ордендин биринчисин алганга татыктуу кыргыздын бир кызы чыкпай калдыбы? Же биринчи орденди ушул эжекебиз алган деп көкүрөктү кенен керип айтып жүрчү кыргызда эч ким жокпу? Баатырдыкты ыраа көрбөсөң да Самара Токтакунова Курманжан датка орденине татыктуу. Самара эжекебиз дагы Даткадай болуп үч кыл комузу менен кыргызды дүйнөгө таанытып келди. Чет өлкөнүн президенттери отурган ордунан туруп, протоколду бузуп басып барып, колун кармаган же болбосо гүл берген документалдуу кадрларды көрбөй жүрүшөбү? Ал эжеден башка дагы кыргыздын канчалаган кыйын кыздары жүрүшөт. Мейли Меркелге да бер, бирок үчүнчү же бешинчи кылып бере бер да. Ар бир нерсенин эби болушу керек. Ал айым кыргызга эмне кылып койгону үчүн Датканын биринчи орденин алышы керек? Бул абдан жаман көрүнүш болду.

— Сиз сыртта жүргөн мекендештер менен жолугуп келатасыз. Ушундан улам болсо керек “Мадумаров президенттик шайлоону баштап алды” деген сөздөр чыгууда. Президенттик шайлоого даярдык башталды дегендин чындыгы болсо керек?

— Мадумаров алар менен жолугуп жүргөн. Алла аман кылган болсо мындан кийин да жолугуша берет. Мен чакырган жерге барам. Москвада жүргөн биздин жердештерибиз “Тоонун улуулугу алыстан билинет” деген керемет сөздү айтты. “Биз Кыргызстанды алыстан карап олтурабыз. Өзүңүз келиңиз! Биз “Мадумаровду колдоо кыймылын” түздүк” деп чакырышты. Москвада жүргөндөр ушундай кыймылды түзгөндөн кийин мен үчүн текеберленип барбайм деп коюу туура эмес болот. Ал жакта төрт сааттан ашык тыныгуусу жок жолугушуу болду. Менин баскан-турганыма чейин ошол азаматтар өздөрү көтөрүп беришти.

— Биздеги байлар эмеспи?

— Биздеги байлар бүргөнүн ичегисине быжы куйгандар. Алар бээчеки бир жерге тыйын берип көнгөн эмес. Болгондо дагы Мадумаровго окшогон адамга тыйын берип алардын башына таш тийген жок. Жакында Алма-Атага барып жолугушуу өткөрүп келдим. Ал жакка дагы ошол жерде иштеп жүргөндөр баардык маселени өздөрүнө алышып, “Тек гана келип бериңиз” деп чакырышты. Мен ошол жолугушууну уюштурган жигит-кыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Алар Кыргызстан үчүн күйүп-бышып, башка мамлекеттер менен салыштырып жатканына ыраазы болосуң. “Биздин акчабыз адал, добушубуз арамбы? Неге бизди шайлоо кезинде четке кагып коёт. Ушул талапты катуу коёбуз” деген чоң маселе коюшту. Мен мигрант деген сөздү колдонбогула дедим. Биз көчмөн элбиз. Жыйырма биринчи кылымдын көчмөнүбүз. Европада, АКШда көчүп жүргөндөр толтура. Трамп көчүп жүргөндөрдөн кутулам деп дубал курап жатат. Мигрант деген сөздү колдонбойлу, ал балдардын психологиясына катуу тийип калат деп айттым. Жакында дагы ушундай жолугушууларга барам. Башка шаардагылар чакырып жатышат. Ошол кыймылды бүткүл Россияга жайылтабыз деп атат. Рахматымды гана айтам.

Маектешкен Наралы Асанбаев

(Маек 22-март күнү алынган)

Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: