Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Мындай чечим 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын аткаруу максатында, ошондой эле тамак-аш кайра иштетүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Программанын негизги максаты – азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен кепилдүү жана туруктуу камсыздоо болуп саналат.
Программа өнөр жайды модернизациялоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, финансылык-экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, республиканы 2021-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө арналган.
Аталган программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлдү.
Министрликтер менен ведомстволорго жана Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жарым жылдыктын жана бир жылдыктын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат берүү тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ