Menu

Сурамжылоо: “Бизде орус тили өгөйлөнүп калдыбы? Сиздин пикир?”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Санкт-Петербург шаарында кыргыз-орус парламенттер аралык жолугушууда, Кыргызстанда орус тили басмырланып жаткандай пикир жаратып, өзү тууралуу «Мени Кыргызстанда шовинист, Кремлдин шпиону деп куугунтукташат. 120 депутаттын бирөөсү да колдобойт» деп айтып алып, эл алдында уят болду. Бизде орус тили өгөйлөнүп калдыбы? Сиздин пикир?

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты:

«Депутаттын элден, кесиптештеринен кечирим сурагандыгы туура болду»

— Бүгүнкү күндө орус тили коргоого муктаж эмес. Азыр Бишкек шаарында орус тилдүү бала бакчалар басымдуулук кылат. Ошондуктан бул маселе ойлонуп табылган. Орус тили расмий тил деп Конституцияда мыйзам менен бекитилген. Аны жок кылабыз деп эч ким чыккан жок, кандайдыр бир күчтөр деле таптакыр жок кылгыла деп чыга элек. Андыктан бул маселеге келгенде бул туура эмес иш болду. Карамушкина бүгүн атайын ошол жакта тартылган видео жүктөлгөн дискти таратып берди. Анын өзүнүн сөзүн укпагандыктан бир тараптуу комментарий берүүдөн алысмын. Дискти көрөлү, анан айтыш керек, анткени айрым сөздөр бурмаланып калышы мүмкүн. Депутаттын элден, динге ишенгендеринен, кесиптештеринен расмий түрдө кечирим сурагандыгы туура болду.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

«Биринчи кезекте ал СДПК фракциясы менен президентти уят кылып жатат»

— Кыргызстан өзүнүн жарандарына, айрыкча башка улуттагы жарандарга эң кеңири жол ачып, алардын жарандык укуктарын коргоо боюнча дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы өлкө болуп эсептелинет. Баардык шарттарды түзүп берген. Шайлоо боюнча кодексти карай турган болсок бир гана Кыргызстанда башка улуттарга 15% квота берген. Мындай нерсе бир дагы өлкөдө жок. Эми ушуну Карамушкинага окшогон “азаматтар” көтөрө албай, аша чаап эркелеп тамтаңдап жатышат. Менимче СДПК фракциясы, Жогорку Кеңештин депутаттары ал кишини тартипке чакырып коюш керек. Анын үстүнө Парламенттер аралык жолугушууга барып алып сүйлөгөнү туура эмес. Мен деле ошол ассамблеяда мүчө болуп жүргөм. Тартип боюнча өтө катуу, күн тартибиндеги гана маселелер каралат. Капталдан чыга калып эле ушинтип сүйлөгөндүн өзү эң акылсыздык болуп эсептелинет. Биринчи кезекте ал СДПК фракциясы менен президентти уят кылып жатат.

Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:

«Россиянын атайын кызматтары Карамушкинанын маалыматтарына муктаж эмес»

— Казак туугандар биздин билдирүүлөргө көп көңүл бурбаш керек деп айтты го. Анын сыңарындай СДПК партиясынын мүчөлөрүнө дагы көңүл буруунун кажети жоктой. Биринчиден, Россиянын атайын кызматтары Карамушкинанын маалыматтарына муктаж эмес. Алар Кыргызстанда эмне болуп жатканын, керек болсо бизден да жакшы билишет Экинчиден, депутат айым өзүнүн кийинки тагдырына кам көрүп жаткандай. Мэр Силаев да убагында ошентип жылуу жумшак Москвадан жай тапты эле.

Сонунбек Жунусбаев, активист:

«Карамушкина сыяктуу улутчулдар гумандуу мамилени баш ийүүчүлүк деп түшүнүп алышат экен»

— СДПК катарынан Жанар Акаевди эмес Карамушкинаны чыгаруу керек эле. Кыргызстан Борбордук Азияда башка улуттарга, башка улуттун баалуулуктарына сый урмат мамиле кылган өлкө. Карамушкина жакында эле өлкөнүн 80 пайызы тутунга Ислам динине асылып, коомчулуктан көп нааразылыктар түшкөн. Андан көп өтпөй Россияга барып өз жеке таарынычын эл аралык мамилелер талкуулана турган жерде айткандыгы туура эмес. СССР учурундагыдай болуп арызданып барды. Биз Россиянын карамагынан чыкканыбызга канча жыл болгонун билбейби? Эл аралык мамилени билип туруп өз билемдик кылганын Крымга барганынан да көрсөк болот. Расмий тил Карамушкинанын камкордугуна муктаж эмес. Тескерисинче биз өтө эле расмий тилди жогорку орунга коюп келебиз. Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй мамлекеттик тилге мамиле кылбайбыз. Мисалы аларда ачык эле мамлекеттик тилди билбесең мамлекеттик кызматка албайт. А биз депутат кылып олтурабыз. Кээ бир учурларда Карамушкина сыяктуу улутчулдар ушундай жумшак гумандуу мамилени баш ийүүчүлүк деп түшүнүп алышат экен. Ошону үчүн бул маселе боюнча Карамушкинага өз партиясы татыктуу жообун берүү керек.

Назгүл Мамытова, “Ачык Саясат плюс” гезитинин башкы редактору:

«Карамушкинаны ээнбаш кылган өзүбүздө күнөө»

— Негизи орус тили боюнча өзүбүздө да күнөө бар. Бир орус бар жерде он кыргыз тең орусча сүйлөп жатып калышат. Жогорку Кеңеште да абал ушундай. Мисалы, атамекенчи депутат Никитенко деген неме кыргызча бир сөз билбейт. Билгиси да келбейт. Карамушкина бир аз аракет кылымыш этип жүрөт. Бирок анын орустарга барып алып арызданганы туура эмес. Карамушкинаны ээнбаш кылган өзүбүздө күнөө. Биринчи кыргыздар өзүбүздү өзүбүз баркташыбыз керек, ошондо гана кыргыз улутуна болгон сый калыптанат. Бизде орус туугандар Кудайга шүгүр эле жашашат. Документациялар орусча. Мисалы, менин айылым орус аралашкан айыл. Ал жерде орустарды абдан сыйлайбыз. Орусияга көчүп кетип жатышса азайып кетти деп кадимкидей кейийбиз.

Гүлжигит Исаков, активист:

«Элин сыйлаган бийлик мындайларды “эркелетпестен”, чечкиндүү чара көрүшү керек»

— Орусияны эске албаганда, орус тили мурдагы союз өлкөлөрүнүн кайсынысында дагы деле популярдуу жана өзүн “ээн-ээркин, ыңгайлуу сезет” деген суроо сурала турган болсо, албетте, ал өлкөлөргө Кыргыз Республикасы алдыңкы катарларда кирет. Бул фактты жокко чыгарып, эл аралык аренада Кыргызстанды жаман атты кылуу акыл-эси бар кишинин жасай турган нерсеси эмес. Субъективдүү пикирди жалпылаштыруунун өзү туура эмес. Карамушкина чыныгы абалды билгиси келсе, Прибалтика өлкөлөрүн, Украинаны, Грузияны, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдү кыдырып келсин. Кыдырып чыккандан кийин деле ушул сөзүн кайталай турган болсо жашаган мамлекетин сыйлабаган, кыргыз тилин, кыргыз элин жериген, жакшылыкты билбеген неме катары кабылдаса болот. Андайлар ордун билбесе коом четке чыгарып коёт оңой эле. Элин сыйлаган бийликтегилер мындайларды “эркелетпестен”, чечкиндүү кадамдар аркылуу чарасын көрүшү керек. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан баштап орус тилинин расмий статусу жок эле болуп келген. Инерция менен тээ 2000-жылга чейин орус тили расмий статусу жок эле кенен колдонулуп келди. Бирок Аскар Акаев 2000-жылы тар саясий кызыкчылыгынан улам орус тилине расмий макам берип, кыргыз тилинин өз алдынчалуулугун солгундатып койду. Дароо мамлекеттик тилге өтүү оңой процесс болбогондуктан коомчулук эки тилди эриш-аркак колдонуп келди. Мамлекеттик тилди өнүктүрүп, калк ичинде кенен колдонуу мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү факторлордун бири болуп эсептелет. Ааламдашуу доорунда көп тил билүү чоң мүмкүнчүлүктөргө шарт түзөт, бирок үйрөтүлгөн ар бир чет тил кыргыз тилине зыян келтирүү аркылуу ишке ашпашы керек. Постсоветтик өлкөлөрдө Россотрудничество канчалык орус тилдин жайылышына кам көрүп жатса, биз дагы ошондой эле себептер менен кыргыз тилинин өнүгүшүн каалайбыз, болгондо дагы Өзүбүздүн өлкөбүздө — ​мындан өткөн табигый нерсе жок. Элибиз башка тилдерди үйрөнүүгө дилгир. Бирок башка тил үйрөнүү бизди маңкуртташтырууга, ассимиляцияга алып барбашы керек! Муну Карамушкина сыяктууларга кадыресе инсаний тил менен баардык платформаларда жеткиришибиз абзел.

Руслан Бекназаров, активист:

«Буга чейинки анын кадамдары депутаттыкка татыксыз экенин далилдеген»

— Негизи ал волонтёрлорду сурап жатканда ушундай жооп болуп калды деп актануу ирээтинде жазып чыкпадыбы. Айыл-айылды кыдырып орус тилин үйрөтсөк дейт. Биз Кыргызстан мамлекети көз карандысыз, эгемен өлкө болгондон кийин Карамушкина өзү кыргыз парламентинде олтурат. Анын статусу кыргыз тилин үйрөнүүгө милдеттендирет. Биз Россиядан волонтёрлорду чакырып эмес, парламентте кыргыз тилин мыкты билгендерди жиберип, кыргыз тилин билбегендерди үйрөтүшүбүз зарыл. Буга чейинки анын кадамдары депутаттыкка татыксыз экенин далилдеген. Ошондуктан биз кол чогултуп 3660 адамдын колун СДПК фракциясына киргизгенбиз. 10-мартта кирген, бүгүнкү күнгө чейин каралбай турат. Мурда эле билгенбиз татыксыз экенин. Биздин кол чогултуп анын татыксыз экенин айтканыбыз бүгүн далилденип жатат. Карапайым калк эмес, депутаттардан да нааразычылык чыгып бизди уят кылды деп айтып олтурушат. Кыргызстанда тескерисинче мамлекеттик тилге болгон мамиле өтө начар, расмий тилге болгон алака абдан жакшы. Бишкекте мектептерди карасак 60% орус тилдүү мектептер. Анан кайдагы чектөө жөнүндө айтуу мүмкүн? Чектөө гана эмес, расмий тилге ашыкча көңүл бурулуп жатат. Конституциядагы расмий тил деген түшүнүктү алып салуу керек. Расмий тил деген түшүнүктүн бизге кереги жок. Мамлекет деген бир гана тилдүү болот. Кошумча мага десе 100 тилди үйрөнсүн. Бул ашыкча болбойт. Бирок биринчи өзүнүн эне тилин билбесе кандай адам деп эсептөө керек? Мамлекет тили, дини, аянты, жери, эли менен мамлекет болуп эсептелинет. Тил эң башкы нерсе. Эки тилге статус берсек кош тилдүү мамлекет болобузбу? Бир гана мамлекеттик тил берилиши керек, болду. Башканын зарылчылыгы жок.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: