Menu

Кытайбек Раманов, ​эркин журналист, коомдук ишмер: “Дүнүйөнү кайра бөлүштүрүү мамлекет үчүн өтө опурталдуу”

Бөлүшүү:

Агасынын өчүн алыш үчүн Владимир Ульянов (Ленин) дүйнөгө мүшкүл иш төңкөрүштү алып келди. Лениндин азабынан 20 миллиондон ашык адам көз жумду. Урматтуу окурманым, мен кадимки эле дүйнөдө 1-жолу пролетардык революцияны ишке ашырган Владимир Ильич Ульянов жөнүндө сөз кылып жатканымды сезип, туйгандырсың. Революциячыл эсерлердин катарына кирген Лениндин бир тууган агасы Александр Падышаны өлтүрүүгө кол салгандыгы үчүн өлүм жазасына тартылат. Бул мыйзамдуу чечим болгон. Бирок акыйкат чечимге нааразы болгон өз билгенин бербеген, кекчил, кара мүртөз Владимир Ульянов агасынын өчүн алам деп, бүткүл дүйнө жүзүнө мүшкүл иш алып келди. Ал жумушчуларга завод, фабрика, дыйкандарга жер, аялдарга теңчилик алып берем деп көпчүлүктү козутуп, Россияда төңкөрүш уюштуруп, бийликти басып алды. Падыша үй-бүлөөсү менен Уралда кармалып, бардыгы тең өлтүрүлдү. Ошентип, Россия империясы жеке менчиктен мамлекеттик менчикке өттү. Бул 1920-жылдар эле. Дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеп турган жерде болгону 250 миллион элин бага албай 1980-жылдардын аягында Совет мамлекети кулады. Байлыкты кайра бөлүштүрүүнүн аягы II-дүйнөлүк согуштун чыгышы менен башталып, СССР деген империянын кулашы менен бүттү.

Бул тарых, тарыхты бурмалай албайсың. Бурмаласаң ал бумеранг болуп, кайрылып келип өз башыңды жарат. Тарых тамаша эмес, тарыхты бурмалабай андан сабак алып, жыйынтык чыгарыш керек. Туура жыйынтык чыгарган мамлекеттердин иши оңолуп, бакубат турмушка жетип жатышат.

Президент мырза! Билбесеңиз Кыргызстанда ахвал оорлоп граждандык согушка жакындап калды. Тактап айтканда биздин кичинекей мамлекетибизде дүйнөнү кайра бөлүштүрүү башталды. Ал эми дүйнөнү кайра бөлүштүрүү аягы эмне менен бүтөөрүн сөзүбүздүн башында айтпадымбы. Кыргызда сөз бар “Эсиң барда этегиңди жый!” деген. Азыркы бир ууч кыргыз эли убагында зор империя болгон. Мына ушул накыл сөздөр ошондон бери келе жатат, турмушта тастыктап такталды.

Эси жок сот, прокурорлор айдакчынын итиндей болушуп, кожоюндарынын (эл, жер бузарлардын) айткандарын аткарыш үчүн эч нерсеге карабай жулунуп жатышат.

Алар тээ 1990-жылдардын башында менчиктештирилген кээ бир объектилерди мыйзамсыз басып алынган дешип жумурткадан кыр чыгарып жатышат. Калыстык болуш үчүн ревизияга сөзсүз 1990-жылдардын башында приватташтырылганбы же прихватташтырылганбы ошол объектилердин бардыгы тең тартылышы керек. Мунун үчүн чоң көз карандысыз жарандык коомдон турган комиссия чыгарышыбыз абзел. Ошол комиссияга Мен өзүмдү сунуштайт элем. Себеби акым бар. Биринчиден мен экономистмин. Экинчиден “Советтер Союзу кулаганы калды, ошондуктан пландуу экономикадан баш тартып, акырындап рынокко өтүү боюнча айта турган сунушум бар, мага КПССтин съездинде сөз бергиле” деп Москвага 1990 жылдары телеграмма бергемин. Москва мени уккан жок. Шоковый терапия деп зор империяны таркатуу менен иш бүттү. Ошондуктан, Алмазбек иним Менин калыстык сөзүмдү угуңуз. Мамлекеттештирүүнү адегенде өзүңүздүн ишканаларыңыздан баштасаңыз, калган байлар мал-мүлктөрүн өздөрү эле алып келе башташат.

Анан мамлекеттештирүү акырындап Бишкектеги ат майданына да жетет. Мен эмне үчүн ипподромду айтып жатамын. Себеби, кээ бирөөлөрдүн көзү ипподромдон өтүп, түн уйкусу бузулуп жатыптыр. Мен аларга айтаар элем. “Ошол 1990-жылдары ипподромдун дубалдары урап, кароосуз калганда Сен кайда элең”- деп. Анан ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, кирип турган үйлөрүн сатышып, ошол ипподромду сактап калышкан патриотторго эми кол салабызбы? Кыйын кезде жол таап, өздөрү ачка калгандарына карабастан ат майданын сактап калган патриотторго орден, медаль бергендин оордуна ушунчалык кыйынчылык менен сактап калышкан мал-мүлкүн (ипподром) тартып алууга аракет кылышкандарды кимдин адам деп айтууга дити барат. Булар адам эмес, булар желмогуздар. Күтүүсүз, эмгексиз келген байлыкка көздөрүн май баскан желмогуздарга мен “токтогула” деп айтаар элем. Токтобосоңор элдин мамлекеттин убалына каласыңар. Мамлекетти сактап калыш үчүн эл өзү башына кыйынчылык келгенде чечкиндүү иштерге барышы ыктымал. Ошондуктан Исаев Канат сага “Эсиң барда этегиңди жый”, деп дагы айтаар элем. Болбосо элдин убалына каласың, өзүң да оңбойсуң. Эгерде сен ошондой эле патриот калыс экенсиң, эмне үчүн бир эле объекти мамлекеттештирүү үчүн аракет кыласың. Дагы айтам сага сен калыс болсоң, ошол 1990–1995 жж. приватташтырылган бардык мал-мүлктөрдү мамлекеттештирүүдөн башташың керек. Ошол мамлекеттештирүүнү Атамбаевдин мал-мүлктөрүнөн баштасаң, ошондо сени эл колдоп, президент кылышат. Мына сага президент болуштун эң кыска жолу. Ал эми сен мамлекеттештирүүнү эч бир себепсиз эле “Ак-Кула” ат майданынан баштаганыңды элге эмне деп түшүндүрөсүң. Эгерде сен ошондой эле мыкты, эл камын көргөн депутат экенсиң, эмне үчүн ипподромго кошуп дагы он чакты объектини мамлекеттештирүүгө аракет кылбайсың. Кыргызда сөз бар, ала койду бөлөк көрбө деген. Анысы кандай мурда приватташтырылган ишкана, мекеме, чарбалардын бардыгы кайра чогуусу менен мамлекеттештирилиши керек. Андай болбосо, тандап мамлекеттештирүү бул мыйзамсыз, калыстык да эмес. Өтө опурталдуу, себеби бул кадам мамлекетти сөзсүз революцияга алып келет. Ошондуктан бирөөгө кошомат кылам деп от менен ойнобо Канат иним. Ал эми сенин кылганың, Канатчик рекетирлердин жорук-жосундарына окшоп кетип жатат. Ак үйдөн түрмөгө чейинки жол бир эле кадам экендигин эсиңен чыгарба. Сенин Токмоктогу былыктарың сатылган прокурор экөөң эле «делону» жоготсоңор токтоп калмак беле, токтобойт.

Эмесе окурманым, Мен божурап айтып берейин, сиз кулак салып жакшылап угуп отуруңуз. 1990-жылдардын ортосу эле. Бардык эле СССРдин курамына кирген республикалардай өзүнчө мамлекет болгон Кыргызстан дагы кыйналып жатты. Республика жарым-жартылай ачкачылыкта турду. Элде акча жок эле. Мына ошондо айласы кетип амалы түгөнгөн мамлекет, мамлекеттик менчиктеги мекеме-ишканаларды сата баштады. Илгери Совет мамлекети кезинде элде мындай сөздөр бар эле. “Америкадагы атом бомбаларынын 1-кезектегилери Москваны, 2-кезектегилери Фрунзени мээлеп турат” деген. Бул бекер сөз эмес эле. Себеби, ошол кезде Фрунзеде согуштук курал чыгарган дүйнөдөгү өтө алдыңкы технологияда көптөгөн завод-фабрикалар бар эле. Бирок кулкусу куруган Акаев баласы экөөлөп, бул завод-фабрикадагы линияларды, шаймандарды, станокторду 3 сменде күнү-түнү вагондорго тонналап жүктөшүп, металлоломдун баасында сатып жиберишти. Ошентип вагондорго жүктөлгөндөрдүн баарысы сатылды. Дүйнө жүзүндөгү Япониядан чыгарылган 2 комплекстин бири бургулоо заводунда эле. Эл-журттун, адистердин, журналисттердин кыйкырганына карабастан кулкуну кургаган ата-бала бул комплексти да Иранга сатып жиберишти. Мына сага Аскардын Швейцариясы. Кыргызстанда вагонго жүктөлбөгөн эле нерселер калды. Мына ошолордун бири жогоруда Мен учун кылтыйткан Бишкек ат майданы эле. Сөз кайталоодон бузулбайт дейт элибизде. Ошондуктан айта берейин 1995-жылы жогоруда айтылган себептер менен Биз сөз кылып жаткан Бишкек ат майданы айыл-чарба министрлигинин астында “Мамлекеттик Акционердик коом” болуп түзүлөт. Бул коомдун 51% мамлекетке калып, 49% “Ак-Кула” ат майданынын коллективине сатылат.

1997-жылы Бул Мамлекеттик акционердик коом “Акционердик коом” болуп түзүлөт. Мында 80% акцияны Айыл чарба министрлигинен ипподромдун коллективи сатып алышат.

2003-жылы айыл чарба министрлигинин калган 20%тин ипподромдун эмгек коллективи сатып алышат дагы Ак-Кула ат майданы 100% жеке менчикке өтөт. Коллектив ат майдандын толук баасын накталай акча төлөп, Ак-Куланы толугу менен менчиктештирип, кызыл китеп алышат.

Мына ушул ипподромду менчиктештирүү жакшы турмуштан болгон жок. Айла кетип, амал түгөнгөндөн болду. Себеби, бул ат майданы айыл чарба министрлигинин алдында өзүнчө чарба эле. Ошол кезде Ак-Кула ипподромунда 30–40 асыл тукумдуу айгыр, бээлер, айдоо жерлер жана бир топ техникалар бар эле. Кыскасын айтканда, өзүнчө бир чарба эле. Сокулук районунда ипподромдун малын багыш үчүн 500–600 гектар жерлери бар эле. Булардын бардыгы приватташтырылып, мамлекет ипподромдун малы багылбай калганда айласы кетип амалы түгөнүп туруп, айыл чарба министрлиги “Ак-Кула” ипподромун бир аздан сатып отуруп, такыр каржылай албай калганда Ак-Куланы толугу менен сатууга аргасыз болот. Бирок, бир атынан башка байлыгы жок, 10 чакты адамдан турган коллектив, Ак-Кулага дагы 10 чакты мүнүшкөрлөрдү, саяпкерлерди ат кармаган байларды алды артына түшүп жатышып ипподромду сатып алышат. Сатып алышкандан кийин ал иштин азабы башталат. Урай баштаган ат майданды курчаган 2 чакырымдан ашык дубалдын эле ремонту канчага тураарын окурманым өзүң сезип тургандырсың. Андан сырткары күлүктөр, багылып жаткан ат сарайлар, күйөрмандар олтурчу отургучтар менен трибуналарды эле сактап калуу эле канчалаган чыгымдарды, эмгекти талап кылаарын окурманым сезип тургандырсың. Мына ушул ат майданын реконструкциялап, кеңейтүү үчүн мамлекеттин борбору эмеспи дүйнө жүзүнөн көптөгөн бай күйөрмандар келишүүдө. Бирок ызы чууну, бир жылда майдаларын айтпаганда үч төрт жолку чоң-чоң текшерүүнү көрүшкөн инвесторлордун бардыгы качып кетип жатышат. Азыркы убакта ипподромдо 400гө жакын жылкы багылууда, 100гө жакын чабандес, саяпкерлер, жумушчу кызматкерлер бир. Мына ушулардын баарысы бир топ ат сарай менен кыркка жакын объектилерден турат. Булардын ээлери мына ушул сарайлары менен асыл-тукум жылкыларды багышып жан багышат. Тактап айтканда базар экономикасына ыкташып кандайдыр бир система пайда болду.

Эми мына ушинтип мамлекетке догун артпай, мезгил шартка ыкташып, өкмөткө тийиштүү салыктарын төгүшүп, жан баккандарды эми Исаевдин арам ою үчүн көчөгө кууп чыгабызбы. Бул опурталдуу иш. Себеби өз эмгеги менен тапкан байлыктарынан ажыраган эл түз эле көчөдөн Ак үйдү көздөй чабуулга өтүшөт. Кыйын болсоң Канат ошол элди тозуп көр. Элди тозмок түгүл Канатчик Сен биринчилерден болуп Кыргызстандан качып кетээриң бул эле жерде турган иш.

Калыстык үчүн прокурорлордун дооматын да угуп көрөлү. Исаевдин командасы астында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы “Ак-Кула”-ат майданын мамлекетке алууга аракет кылып жатат. Болгондо да бекер, эч нерсе төлөбөй. Окурманым уккан кулагыңа да ишенбей жатсаң керек. Себеби, “Ак-Кула” ат майданын, ага тиешелүү кашарларды бурадарлар кызылдай акчага сатып албадыбы беле. Муну мен макаланын баш жагында айтпадымбы. Мындан кийин Биз Кыргызстанды мамлекет деп, кантип Ленин районунун прокуратурасында иштегендерди мыйзамды кайтарып, сыйлаган кызматкерлер деп айтабыз. Булар прокурорлорго такыр эле окшобой рекетирлер болуп кеткендей. Эгерде иш Исаевдин сценарийи менен жүрсө 50–60 ипподромдун ат сарайларын сатып алышкан үй-бүлөөлөр бала-чакалары менен көчөдө ач жылаңач калчудай. Себеби, Ленин райондук прокуратурасынын сотко кайрылган талабында сарай ээлеринин бир сөлөкпай компенсация жөнүндө сөз да жок. Мына сага президент Атамбаевдин мыйзамды сыйлаган мамлекети.

Мыйзамда ак-карасы менен жазылып турат. Мал-мүлк бир тараптан экинчи тарапка өтүп жатканда сатуу жана сатып алуу, белекке берүү, соттун чечими менен башка тарапка өтүү дегендер каралган.

“Ак-Кула” ат майданы менен анын тегерегиндеги ат-сарайлар убагында базар баасы боюнча бааланып, ошол ат-майдандын коллективине сатылган. Эгерде Исаевдин ошондой эле ипподромду жана ат сарайларды сатып алгысы келсе, эң эле оңой да мыйзамдуу да жолу бул, базар баасын төлөп сатып алуу. Себеби, мына ушул биз сөз кылган “Ак-Кула” ат майданы менен сарайлар да убагында базар баасы менен сатылып алынган. Ал эми анын туура сатылганбы, туура эмес сатылганбы, саткандардын (мамлекеттин) күнөөсү.

Жоопту ошол мамлекеттен сурагыла да, прокурорлор, айыл чарба министрлиги кичинекей ипподромду он чакты сарайлары менен ошол кездеги базар баасы менен акчага сатса, аны туура эмес деп кыйкырып жатасыңар, ал эми Алмаз Атамбаев килейген Кыргыз Газды 1 долларга орустарга кармата берсе унчукпайсыңар!. Анан алы жеткендик кылып, чекесинен дубалдары урап, шиферлери шамалга уча баштаган ат майданы менен атканаларды сактап калган патриотторго кол салганыңар Кудайга да, элге да жакпайт. Мындай учурларда кыргыз эли минтип айтат “Дээликкен таз демиңди бас” деп. Демиңерди баспасаңар элдин, жердин убалына каласыңар. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла жулунбай.

Орустардын мыкты уулдарынын бири Михаил Горбачев чоң аракет кылып жатып, экиге бөлүнгөн немистерди бириктирип, Берлиндин дубалын бузду. Дүйнө жүзүнүн жонунан бир оор нерсе алынгандай иш болду. Мына ушул бириктирүүдө бир кызык иш болду. Чыгыш Германияда II-дүйнөлүк согуштан мурун курулган артта калган завод-фабрикалар көп эле, мына ушулардын баарысы 1 сөлөкпайдан сатылды. Мына ошол завод-фабрикалар азыр модернизацияланып иштеп жатат. Бул тарыхый туура чечим болгон. Немистерде деле депутаттар, прокурорлор бар. Алар кыйкырып чыгышкан жок, завод-фабрикаларды кайра бөлүштүрөлү деп. Себеби, ал завод-фабрикалар иштей баштады, элге пайда алып келишип.

Ал эми Канат Исаев, прокурор, дагы бир жолу айтамын силерге “Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла” деп. Уккандарыма караганда мындай дүйнөнү кайра бөлүштүрүүлөр башка объектилерде да башталып жатыптыр. Урматтуу президент, соттор сүйүнүп жатышат. Кыргызстанда дүйнөнү кайра бөлүштүрүү башталды дешип. Алмазбек Шаршенович сотторго чыр керек. Ал эми элге тынчтык керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: