Menu

Кыргызстанда аудит жана каржылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу багытында 1 млн 235 миӊ доллар гранттык каражат бөлүнөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстанда аудит жана каржылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Бирикмесинин (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы грантык макулдашууну жактырды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык Өнүктүрүү Бирикмеси 1 млн 235 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Макулдашуу 3 компоненттен турат: Корпоративдик каржылык отчёттуулуктун укуктук ченемдик актыларын жакшыртуу; Долбоорду башкаруу, реформаларды ишке ашыруунун механизми, ага мониторинг жасоо жана баалоо.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетовдун айтымында, гранттын 30 пайызы жергиликтүү эксперттерге кеӊещ берүүгө жумшалат. «Ишканалардын каржы кызматкерлеринин сабаттуулугун жогорулатуу максатында 15 машыктыруучу кабыл алынат», – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: