Menu

Алмазбек Атамбаев: “Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 3-апрелде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Президент Алмазбек Атамбаев кеңири сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин сунуштайбыз:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Улуттук кеӊештин мүчөлөрү!

Эсиӊерде бардыр, убагында Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеӊеш түзүлгөндө бир топ саясатчы каршы чыккан болчу. Бул туура эмес, Баш мыйзамга каршы келет, Президент чектен чыгып жатат деп. Бирок, ошондогу чечим канчалык туура, канчалык зарыл болгонун мезгил өзү далилдеп берди.

Анткени ошол оор кезде, өлкөбүз, элибиз алапайын таппай     турган кезде, депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп, өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып жаткан кезде мамлекетибиздин жок дегенде 5 жылдык “Жол картасы” түзүлбөсө, өлкөбүз сызга отуруп калмак. Сыз бул жакта калсын, сазга отуруп калмак!

Ошол Улуттук кеӊештин биринчи отурумуна катышкандар азыр да арабызда отурат. Ошол күндөр эсиӊиздерде бардыр!

7-декабрь 2012-жыл. Свет өчүп калабы же жокпу деп отурабыз залда. Андан эки ай мурда, октябрда Ак үйдү басып алуу аракети болуп, жолдор буулуп, айрым администрациялар басып алынып турган кез. ОБОНдор, эл бузарлар күчөгөн кез.

Жаңы жылда үйлөрдө свет, газ болор бекен деп отурган кез, кошуналарга жалдырап.

Чет өлкөлүк саясатчылар менен журналисттер Кыргызстан өлкө катары болбой калды, 2-3 жылда жок болот, “failed state” деп жазып жаткан кез…

Кудайга шүгүр, ал кез артта калды. Мына 4 жыл өтүп-өтпөй өлкөбүз түп-тамырынан өзгөрдү. Чыр-тополоӊ менен, жол жабуулар менен, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен, Тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз.

Кыз-жигиттерибиз Москвадан Монреалга чейинки ат салыштарда жеӊип жатат. Коӊшулар мурункудай кемсинтип, табалап күлбөй, тескерисинче тамшанып карап жатышат.

Коӊшулар тургай, Европа башчылары элибизге таӊ калып “вы провели за 4 года грандиозные реформы” деп, бийик баа берип жатышат.

Кудайга шүгүр!

Кыргыз көчү Жараткандын жардамы менен өз жолун тапты. Өз жолун тапты!

Ошондуктан биз эми элибиз, өлкөбүз мындан ары да бул жолун жоготпосун десек, 5 жылдык эмес, 20, 25 жылдык “Жол картасын” түзүп коюшубуз керек!

Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгын белгилейт. 1200 жылдыгын!

Албетте, кыргыз ажолугу андан бержагы эле миӊ жыл мурда  курулган. Ага жазма түрдөгү далилдер бар экенин тарыхчылардын баары билет!

Анын үстүнө 2041-жылы кыргыз эли жаңы замандагы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгын белгилейт.

“Элүү жылда эл жаңырат” деген сөз бар кыргызда. Ошо 50 жылдыгын эгемендүү Кыргызстан кантип тосушу керек? Кайсы жол менен барыш керек? Кандай максаттарга жетиш керек? Кандай жол менен элибиз жаңырыш керек?

Ошонун баарын биз алдын ала белгилеп алсак, өлкөбүздүн, элибиздин жолу оӊоюрак болот. Кандайдыр бир саясый оюндар, сасык саясатчылар мамлекетибизди өз жолунан адаштыра албай калат!

Урматтуу Улуттук кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында эмнени гана көрбөдү!

Тоонун чокусуна көтөрүлүп, Улуу Каганат куруп, Шиберден Азияга чейинки жерди ээлеп, ондогон элдерди башкарган доорду көрдү.

Тозоктун түбүнө түшүп, Улуу Каганат тургай, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп, Чынгызхандан баштап Ак падыша, Сталин заманындагы кыргындарды, үркүндөрдү башынан өткөрүп, кыргыз тилин, кыргыз деген атын да жоготомбу деген каргашалуу күндөрдү да көрдү.

Канча бабаларыбыз, апаларыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн, кыргыз көчү сакталсын деп, кыргыздын аты өчпөсүн деп, жанын берди ушул караңгы мезгилде! Бир-эки кылым эмес, миң жылдын ичинде!

Сай бар бекен кыргыз каны акпаган? Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган?

Ошол кандар, ошол жандар текке кеткендей болбосун! Анда бизди урпактар да, Кудай да кечирбейт!

Урматтуу мекендештер!

Кудай колдоп, кыргыз эли өзүнүн эгемендүү мамлекетине ээ болду. Аны да жоготуп ала жаздап, араң сактап калдык. Ошол адашып кете жаздаган кыргыз көчүн түз жолго бурган карапайым кыргыз элине, Аксы окуясында, Март жана Апрель окуяларында шейит кеткен, жаракат алган, Мекенибиздин келечеги үчүн өз канын, жанын да аябаган жигиттерибизге таазим этелик!

Кыргызстан эли менен күчтүү!

Кыргызстан эли менен күчтүү!

Бирок эгерде кылым карыткан кыргыз элинин тарыхын карасак, жерибизде биримдик менен ынтымак уялаган учурларда гана элибизди жеңиш менен ийгилик коштогон.

Көп улуттуу кыргыз элинин күчү – биримдикте! Ошондуктан, Манас атабыз бизге: “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө!” – деп айтып кеткен.

Унутпасак бул улуу сөздү.

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу отурумдун катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында баарыңарды кызыктырган бир суроого жооп берип кетейин. Кыргызстанда боломбу, чет элде боломбу, – кайда барбасам, баары тең мага дайыма бир суроо беришет: “Мураскериң ким болот?” деп.

Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” деп.

Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт.

Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок!

Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Ар бир кыргыз жараны!

Анткени мен да кыргыз жаранымын, түм кыргыз элинин катарында, кыргыз көчүнүн катарында, элибиз Аксыда, Март, Апрель окуяларында тапкан адилет жолдо баратам.

Биз баарыбыз ушул жолдун мураскерибиз. Манас атабыздын, бабаларыбыздын мураскерибиз.

Эмки президентти болсо эл өзү шайлайт. Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу – аны мезгил көрсөтөт.

Анткени шайлоо деген шайлоо. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деп айтат кыргыздар. Анын үстүнө “ Жыландын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген да сөз бар.

Кайран кыргыз элим ишенип, алданып да, ээрчип кетмейи бар. Бул деген турмуш. Мезгил өзү гана бардыгын көрсөтөт.

Бирок ким Президент болсо да, кыргыз көчүн азыркы туура жолунан бура албайт деп ишенем. А болбосо эл аны бат эле өз ордуна коюп коёт. Анткени, бизде бийликтин булагы – эл!

Бирок, бийлик туура жол менен баратканын, же башка жолго буруп кеткенин эл кантип билет? Ушул бүгүн биз түзүп баштаган “жол картасынан” билет. Ошондуктан, бул иш өтө маанилүү, өтө зор. Туура жолду көрсөтүп, “жол картасын” түзүп коюшубуз керек өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн.

Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы – эл!

Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула!

Кырчындай жигиттерибиз канын төгүп, өмүрүн берип, 7-апрелде сактап калган демократияны, эркиндикти коргогула!

Эгемендүү Кыргызстанды коргогула!

Президент болуп калсаңар, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!” деп иштегиле. Мамлекеттен эмне алсам дебей, Мекениме, элиме эмне берем деп иштегиле.

Ошондо Жараткан өзү колдоп берет, жолуңарды ачып берет!

Манас атабызга, бабаларыбызга мураскер болгула! Кыргыз элин, кыргыз жерин коргогула!

Жараткан силерге туура жолду көрсөтсүн! Азгырыктан сактасын!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жыйналышта “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” маселе талкууланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: