Menu

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумуна 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашууга макулдук берди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары, жылуулук тутумунун өзүн жакшыртууга 25 млн доллар жумшалмакчы.

Депутат Айнуру Алтыбаева «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын суу түтүктөрүнүн тешилген-тещилбегенин текшерүүгө эле 25 млн доллар каражатты талаага чачканы жатканын сынга алды. «Бизде мыкты адистер бар, түтүктөрдүн жарамдуулугун ошончо каражат коротпой эле текшерип берет. Мурда алынган ушундай майнапсыз жумшалган каражаттардын жоопкерчилигин ким тартат?», – дейт ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: