Menu

Бакиевдерге таандык болгон 47 обьектинин тогузу гана сатылды

Бөлүшүү:

-Кыргыздын карт тарыхына өчпөс кара так менен жазылып калган, элин аткан, эл жеринен безип качкан, качкын президент КурСалиевич Бакиев үй-бүлөсү менен бирге, инилери баш, баласы Максим төш болуп учурунда баскынчылык жол менен ээлеп алган үй мүлктөрүн, ири компанияларын бүгүнкү бийлик улутташтырып сатыкка койгону менен кыймылсыз мүлктөрдүн баасы чыкпай, ала турган кардар жок өтпөй келе жатат. Мамлекеттик мүлктөрдү көзөмөлдөгөн мүлк фонду Бакиевдерден калган имарат-ишканаларды менчиктештирүү үчүн кайра-кайра аукцион өткөргөнсүйт, бирок тилекке каршы сатып алууга арыз бергендер жок. Өкмөт бул жагдайды коомчулуктагы каржылык каатчылык менен байланыштырса, адистер талаштуу мүлктөрдү сатып алуудан инвесторлор чочулап жатканын белгилешүүдө.

Эске сала турган болсок, 2010-жылдан кийин улутташтырылган 47 объекттин бүгүнкү күндө тогузу гана сатылган, калганы сатыкка коюлуп, ээси табылбай өтпөй турганы маальм. Сатыкка коюлгандардын арасында Бакиевдердин Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы 1,5 гектар аянты менен курулушу бүтө элек үч кабаттуу конок үйү, Бишкектин жогору жагындагы 12 гектар аймакты ээлеген Максим Бакиевге таандык делген 48 коттедж, ошондой эле “Мегаком” ишканасы бар. Мамлекеттик мүлк фонду бул объектилер буга чейин беш-алты жолу аукционго коюлганын, кардар табылбай өтпөй жатканын айтышат. Аталган фонддун билдирүүсүнө таянсак, мисалы, Максим Бакиевге таандык делген жогоруда айткан Бишкектен Кой-Таш айылын көздөй бараткандагы жол жээгинде жайгашып, катар тизилип, бири-бирине коёндой окшош салынган “Идеал Хаус” деген аталыштагы 48 коттедж турак жай комплекси ушуга чейин алты жолу сатыкка коюлуп, алам деген бир киши болгон эмес. Каралбагандыктан жыл өткөн сайын көз жоосун алган аталган кооз коттедждер эскирип, бүгүнкү күнү кирпичтери урай баштаганын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Андан тышкары “Мегаком” компания-сы. Белгилүү болгондой, Мамлекеттик мүлк фонду “Мегакомду” жарнамалап, сатуунун аракетин көргөнү менен эч майнап чыкпай келет.

Ал эми 2010-жылдан бери улутташтырылып сатылган мүлктөргө токтолсок, Бакиевдерге таандык деп улутташтырылган мүлктөрдүн ичинен “Азияуниверсалбанк” азырынча эң кымбат сатылган объект болуп саналат. Ал 193 млн. сомго бааланып менчиктештирилген. Андан кийинки “Петрол групп” ЖЧКсынын 100 пайыз акциясы 170 млн. сомго бааланган. Ошондой эле “Бавария круиз” яхтасы 2 млн. сомго ээсин таап, эң арзан сатылган мүлк болуп калган. Акыркы беш жылдан бери Мүлк фонду 300 млн. сомго чукул каражатты Бакиевдин мүлктөрүн сатуудан тапкан. Мындан тышкары Өкмөт дагы бир катар ири ишканаларды сатыкка чыгараары маалым болгон. Алардын катарында “Нарынгидростройдун” 90 пайыз акциясы, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКнын 71 пайызы, “Чакан ГЭСтин” 100 пайызы, “Континент принт” ЖЧКнын 65 пайызы, “Ташкөмүр”, “Каприз” жана башка обьекттер бар. Бирок азырынча бул боюнча Өкмөт негедир үн катпай турат. Мамлекеттик мүлк фондунун айтуусуна караганда, аталган ири мекемелерди азырынча баалоо иштери жүрүп жатыптыр. Жогорку Кеңеш депутаттары сатууну туура көрүп колдоп берсе, бул мүлктөр дагы жакын арада сатыкка коюлаары айтылууда. Бул боюнча биз Мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковго кайрылганыбызда, ал бул маалымат боюнча кол астында иштеген кыз жооп берээрин айтып, өзү жооп берүүдөн баш тартты. Кол алдындагы кызга кайрылганыбызда ал маалыматты азыр тактап берем деген боюнча жок болду. Эмнеге алар биздин суроолорубузга жооп бергенден качышты биз түшүнө алган жокпуз. Убагында Максим Бакиев жашаган, 7-апрелде өрттөлгөн Исанов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бакиевдерден калган үйгө барганыбызда үйдө киши жашап жаткан сыяктуу, короодо кир жайылып турат, эшигин каксак үй ичинен эч ким чыккан жок. Апрель окуясынан кийин аталган үй убактылуу КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин карамагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар баш калкалап туруу үчүн берилип, кийин алар чыгарылган эле. Азыр ким жашап жатканы белгисиз. Ал үйдүн тагдыры келечекте кандай болот, аны да биле албадык…

Искендер Шаршеев, экономикалык эксперт:

– Алгач Бакиевдин мүлктөрү сатыкка коюлганда көптөгөн инвесторлор сатып алууну каалап жатышкан. Бирок конкурска катыша келгенде сатып алуу оңой эмес экенин түшүнө башташты. Анын үстүнө кызыкчылыктар кагылышынан улам бул объекттерди сатып алууга аракет кылган өзүбүздүн эле адамдар аукционду өткөрбөөгө кызыкдар.

Улутташтырылган мүлктөрдүн айрымдары мамлекеттик мекемелердин балансына өткөрүлүп берилген. Маселен, Спорт агенттиги, Маданият министрлиги, Жалал-Абад администрациясы, Конституциялык сот жана Жалал-Абад прокуратурасы айрым имараттарды колдонуп жүрөт. Ошондой эле Бакиев жана анын жакындарына таандык кымбат баалуу унаалар 2010-жылы эле Президенттин иш башкармалыгына, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана УКМКга берилген.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: