Тажикстандын Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө тажик-орус өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, учуулар эки тарапка тең бирдей укукта ишке ашырылышы керектигин белгиленген. Мекеменин маалыматы боюнча бирок орусиялык авиакомпаниялар акыркы эки айда Тажикстанга 496 каттам жасаса, тажик авиакомпаниялары болгону 295 жолу гана учушкан.
Билдирүүдө айтылгандай, тажик тарап Орусиянын «Ямал» авиакомпаниясына Курган-Төбө жана Куляб шаарларына жумасына эки жолу каттоону сунуштаган. «Бирок «Ямал» бул сунушубузга макул болгон жок. Анда биз Дүйшөмбү менен Худжантка жумасына эки сапар учууну сунуштадык. Бирок Орусия тарап бул сунушка да макул болгон жок. Кийинчерээк алар аталган шаарларга жумасына 7 каттам жасоо сунушун жөнөтүштү», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Бул арада Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов учурда тараптар тең укуктуулук маселесинде тил табышууга аракет кылып жаткандыктарын билдирди.
Орусиянын Транспорт министрлиги тажик авиакомпаниясынын учууларына 3-апрелде чектөөлөрдү киргизген. Орус тарап бул кадамын тажик бийлиги буга чейинки макулдашууларга карабастан орусиялык «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аэропортунан Дүйшөмбүгө жана Худжантка учуу тууралуу билдирмесин ырастабагандыгы менен түшүндүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ