Menu

Бек Борбиев, ырчы: “Чыгармачыл адам эркин болушу керек. Үй-бүлө анын эркиндигин чектесе, демек ал үй-бүлө бузулат же чыгармачыл адамдын чырагы өчөт”

Бөлүшүү:

Кыргыз эстрадасында кандай гана чыгарма жарашпасын дароо хитке айланган, эл назарында ар дайым популярдуулугун сактап турган ырчылар саналуу. Алардын бири- Бек Борбиев. Бул ысым менен азыркы кыргыз эстрадасынын жаш мууну бирге чоңоюп, анын чыгармаларынан канчасы таасир алган. Бек мырзанын артынан ээрчип келе жаткан жаштарга: “Элге эмгек сиңириш үчүн тойлордо эле курсак тойгузуп жүрө бербей, жер-жерлерди кыдырып концерт бер, талыкпай изден деп ксңеш бердим”, – дегенин бир курдай “Фейсбуктагы” өздүк баракчасынан окуп калдым эле. Ырчы өзү айткандай, өлкөбүздү түрө кыдырып бир эмес, бир нече ирет концерт берип, барган жериндеги элдин черин жазып, жүздөгөн күйөрман тапкан күжүрмөн инсан экенин айтпасак да эл жакшы билет.

– Бек мырза, кандай гана ыр жаратпаңыз калың элдин катмарына өтө ылдам сиңип, күйөрмандарыңыздын катары толукталып келе жатат. Адатта көпчүлүк ырчылардын гүлдөгөн доору бир эле келет эмеспи. Ар дайым популярдуулукту сактап турууңуздун сыры эмнеде?

– Эч кандай сыры деле жок, мен көп иштейм. Элдер уктап жатканда мен кыяк менен олтурам. Бош убактымда, эс алып жүрсөм да башымда бир теманын үстүндө ой толгоо болот. Албетте, обончулук өмүрүм узун болсо экен деген тилегим да бар. Ал үчүн көрөңгөнү бөксөртпөй, толуктап туруу зарыл. Эң эле башкысы, жараткандын бергени, шыгы деп билем.

– Негизи олжо менен жоготуу эриш-аркак жүрөт эмеспи. Ушунча жылдык чыгармачылык жолдон тапкан олжоңуз жана жоготууңуз?
– Олжом – көптөгөн күйөрман, дос-тууган таптым. Элдин купулуна толуп, сүйүүсүнө арзый алдым. Ушул даражага жеткеним чоң олжо… Жоготуум – бул эркиндик. Карапайым элге окшоп көчөдө кенен жүрө албайм, тилекке каршы…

– Жакында эле бир нече маданият кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгондо, сыйлык ээлерин таппай калды деп катуу нааразы болгондор да болду. Буга сиздин пикириңиз?

– Мен өзүм чыгармачыл адам болуп туруп, сахналаштарым туура эмес алды деп кантип айтмак элем. Оюма да келбейт. Аларда эмне күнөө? Күнөө сыйлык бергендерде го дейм. Берээрде калыс кароо зарыл. Ал эми өзүм тууралуу айтсам, дегеле сыйлык деп оорубайм. Эч убакта убагында алган эмесмин. Бирок сыйлык, чыгармачылыкка албетте стимул болот.

– Азыркы кыргыз эстрадасынын жаш “жылдыздарынын” чыгармачылыгы сизди канааттандырабы?

– Бардыгын эле мактап же каралап сыноодон алысмын. Аракеттер жакшы. Келечектен көптү үмүттөндүргөндөрү арбын. Жалпы жолунан канааттандыраарлык эле. Беш кол тең эмес да. Бирөө өйдө болсо, бирөө ылдый болот дегендей. Атап айтсам обончулукта Алишер Тоотаев, эстрадада Нурлан Насип купулга толоорлук иштеп жүрүшөт. Бул албетте менин жеке оюм.

– Ырларыңызды санап деле бүтө албай калсаңыз керек. Ошончо чыгарманын канча пайызы өз тагдырыңызга аз да болсо тиешеси бар?

– Бир дагы ырым 100 пайыз турмушумдан алынган эмес. Чыгармаларымды көркөмдөйм. Турмуштан уккан, билгенимди жазам. Окуган чыгармалардын таасиринен улам жазылгандары бар. Жакшы чыгармадан ырахат алып, жан дүйнөмө уюп калса, ошол нерсени ырга айланткан учурларым көп болот.

– Чыгармалардан ырахат алам деп калдыңыз, негизи эргүү кандай учурда келет?

– Эргүүнү көбүнчө табияттан алам. Тоолук элдин уулу болгонгобу, айтор тоолорду жакшы көрөм. Шаардын ызы-чуу турмушу чарчатканда тоого эс алып келсем эбегейсиз эргүү алып, чыгармачылык кубат да бекемделип кайтам. Табияттын сулуулугу ар дайым дем берип турат.

– Сүйүүнү ар ким өз сезим-туюмуна жараша кабыл алып, ага өз дараметине жараша аныктама берет экен. Сиз кандай аныктама берет элеңиз?

– Сүйбөй жашоо бул – трагедия. Сүйүү- бакыт. Сүйгөн адам – бактылуу адам.

– Адатта мырзалар: “Башы оор, жөнөкөй кыздарды жактырам. Башкысы өң-келбети эмес, жан дүйнөсү сулуу болсун” дегени менен иш жүзүндө өзүнө кам көргөн, келбеттүү айымдардын артынан чуркашат экен. Сиз мындай мырзалардын катарында эмессизби?

– Убагында көп жаңылыштыктар болгон менде деле. Тирүү жан, пенде болгон соң азгырыласың, жаныласың. Көпчүлүк жигиттердей эле мен дагы сулуулуктун артынан жүргөн күндөрүм болгон.

– Чыгармачыл айымдарга караганда чыгармачыл мырзаларга жеке турмуш менен өнөрдү бирдей алып кетүү жеңилирэж болсо керек?

– Негизи чыгармачыл адам эркин болушу керек. Үй-бүлө анын эркиндигин чектесе, демек ал үй-бүлө бузулат же чыгармачыл адамдын чырагы өчөт.

– Өзүңүзгө жакпаган сапат?

– Ар кандай кырдаалда сабырым жетпей калчу эле, кийин катуу көзөмөл кылып жүрөм. (күлүп)

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: