Menu

Министр Батыралиев эски кадрларды сүрүп чыгуусун токтотпойбу?

Бөлүшүү:

Түркиядан келе калып, кыргыз кыртышына сиңбеген реформаларды сунуштап, соңку үч жылдан бери саламаттык сактоо тармагын чеңгелдеп келе жаткан министр Талантбек Батыралиевге карата нааразы пикирлердин аягы тыйылчудай эмес. Фарид Ниязовго артын такап көпкөн эргул барган сайын системадагы күчтүү кадрларды четинен сүрүп, «кол балдарын» негизги кызматтарга коюп келе жатканын качан токтотот? Тээ союздан чыккан профессионал дарыгерлерди кодулап, ансыз да араң жан турган тармактын биротоло тамтыгын чыгарабы? Мындай ыргак менен иш жүргүзгөнүн токтотпосо, бу эргул ары же бери болуп, бирдин ичинен чыгат го? Биздин дарыгерлер да суу жүрөк болуп, бүжүрөп коркок болуп бүтүшкөн экен, кызматтарынан айрылып, колунда турган токочторун жулдурушса деле министрдин кас саясатына карты ачыкка чыга алышпай, журналисттердин этегине кире качышып, бүжүндөшүүдө. Мындай шартта Талантбегиңер тармакты болушунча ийлеп, дарыгерлерди каалашынча «тебелеп» салбайбы? Баарысы суу жүрөктөнбөй, бирөө-жарымы ачыкка чыгып, министрдин бет пардасын сыйрып ыргытышы керек эле да.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: