Menu

Канат Исаев, ЖК депутаты: “Бул бийликтен коркпойм, күрөшөм, жеңиш мен тарапта болот!”

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо, Канат Исаев өткөн жылдын күзүндө Конституциянын кайрадан өзгөрүшүнө каршы чыгып, өз пикирин тартынбай айткан эле. Көп өтпөй ал «Кыргызстан» фракциясынын лидерлигинен кеткени маалым. Андан соң бийлик төбөлдөрүнө катуу сын пикирлерин айтып, КСДП баардык бийлик бутактарын ээлеп алганын, о.э. өзгөчө рейдерлик жолдогу басып алуучуларды да айыптап чыккан. Башка кесиптештери тымпыйып отурганда, Канат мырза өз пикирин тартынбай билдиргени менен өзгөчөлөнгөн.

Көнүмүш адатка айлангандай эле, көп өтпөй ага кылмыш иши козголуп, прокуратура иликтей баштаганы боюнча маалымат тараган болчу. Ошентип, күз, кыш өттү. Кечээ жакында, 3-апрелде Канат Исаев Меккеде ажылыкта жүргөн убагында, башкы прокуратура кылмыш ишин УКМКга өткөрүп берди. 2008-2010-жылдарда ал Токмок шаарында мэр болуп тургандагы ишмердиги чукулуп, коррупцияга байланыштуу айыпталууда. Башта Исаев бийлик менен кызматташып жүргөнү – ошол алты жыл аралыгында эң таза саясый фигура катары
сыпатталып, бааланганын билебиз. Кийин гана оппозиционерге айланганда укурук ыргытылып, бийликтин кысымына кабылды. Көрсө, саясый күрөш ушундай экен. Бирде өйдө, бирде ылдый… Дал ушундай процессте акыйкатты ажыратып көрүү үчүн албетге, убакыт гана керек.

Аныгында, коррупцияга шектелип аткан иши УКМКга жөнөтүлүп, аны камакка алуу планы башталганда, биз Меккеде жүргөн Канат мырза менен байланыштык. «Сизге карата кысым күчөдү, камап койбойбу? Кыргызстанга
качан келесиз? Жеке өзүңүздө коркунуч сезимдери жокпу?» деп суроо салдык. «Мага байланыштуу жарыяланган маалыматты интернеттен окудум. Өзүмдүн чындыгымды далилдеп, күрөшкөнгө даярмын. Учурдагы мындай каралоо убактылуу гана болуп аткан көрүнүш. Бул бийликтен корпойм! Баары Кудайдын колунда. Бекем ишенем, акыры жеңиш мен тарапта болот. Буюрса, баары жайында. Мен 10-апрелде Бишкекке барам…» деген маанайда ой-пикирин ачык билдирди. Канат Исаев башка кесиптештериндей мөгдүрөп калбай, духу бийик, демдүү экен.

Кыскасы, кылмыш иши козголгондордун баарын эле камай берсе кандай болот? Эл эмне дейт? Мыйзам талаасында гумандуулук да болушу зарыл. Балким Канат мырза Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу УКМКга барып, сурак берип, өзүнүн ак экенин далилдеши мүмкүн. Азырынча каарманыбыз чектен чыгып, бийликке коркунуч жараткан жери жок. Болгону ал эркин ойлонгону, сын-пикирди коркпой ачык айтканы менен коомчулукка алынып кетти. Президенттик шайлоого да аттанганы турат. Кокус камап жиберишсе, Токмок толкуп кетпейби?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: