Menu

Азыркы оппозиция бириге албайт, себеби, баары өзүнчө кудай

Бөлүшүү:

Соңку кездеги өлкөдөгү саясый кырдаал жана оппозициянын ынтымакка келе албай жатканы боюнча ар кандай кептер айтылууда. Биз бу сапар саясатта кайнап жүргөн айрым эксперттерге кайрылып, дал ушул маанайында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Жеңиш Молдакматов, жаш серепчи:

– Өлкөдө кырдаал кооптуу болуп турат. Президенттик шайлоонун алдында дагы чуулгандуу маалымат согушу башталат. Мамлекетте парламент алсыз болсо, президенттин аппараты айтканды аткарып турса, өлкөгө болгон ишеним кетет экен да. Азыркы бийликте тургандар менен оппозициянын айрым мүчөлөрү чейрек кылым табакташ болуп келишкен. Ошол себептен бири-бирине каршы пикир айтып чыга алышпайт. Бийлик ушул абалдан пайдаланып, өзүм билемдик менен иш кылып атат. Оппозицияны бириктирген бир да идея жок. Бири-бирине жеке таарынычтары күч. Текебаев боюнча да, Жапаров боюнча да ойлорун так айтышпайт. Саясатта муун алмашмайынча ушундай иштер кайталана берет.

Адил Турдукулов , коомдук ишмер:

– Эгер абал курчуй берсе, анда өлкөнү өзгөчө кырдаалга жана президенттик шайлоонун жокко чыгарына алып келиши мүмкүн, бирок буга ички жана тышкы күчтөр кызыкдар эмес. Оппозициянын биригүү процесси жүрүп жатат. Бирок, баарын тең бир уюмга бириктирүүнүн өзү туура эмес. Жаңы оппозиция бир лидердин артынан
эмес, эркин идеянын артынан биригиши шарт. Биз эски оппозициянын каталарын кайталабашыбыз керек.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

– Азыркы учурда өлкөдө саясый кырдаал оор. Бийликтин оппозиция өкүлдөрүнө, айрыкча 25 жылдан бери Кыргызстандын эң чоң лидерлеринин бири Өмүрбек Чиркешовичтин коркунучтуу кылмышкердей камалышы Кыргызстанды эле эмес, дүйнө жүзүн таң калтырды. Бул биздин өлкөнүн мыйзамдарынын алсыздыгын далилдеп турат. Ал эми Садыр Жапаровду колдобойм, колдогон да эмесмин! Бирок, укук коргоочу катары карай турган болсом, Садырдын тарапташтарын камап, балдарын ур-токмокко алганы таптакыр мыйзамга туура келбеген иш. «Демократиялуу өлкө» деген атыбызга көлөкө түшүрдү. Буга каршы оппозициянын ынтымакка келиши кыйын болуп турат. Балким, оппозициядагы көп лидерлердин арты таза эмес. Ар биринин артында шектүү иштер болушу мүмкүн. Бийлик ошол себептен буларды коркутуп атат. А «президент болом» деген лидерлер башын катып жатпай калыс сөзүн айтып чыкса болмок.
Бакыт Бакетаев, карт серепчи:

– Кыргызстандын башынан өтүп жаткан бүгүнкүдөй саясый кырдаал демократиялык өнүккөн өлкөлөрдүн башынан өтүп бүткөн. Бийлик менен оппозиция ушинтип эки тарап болуп кызыл чеке болуш керек. Өлкөдө демократия болбосо, бийлик жашап, оппозиция жок болмок. Бизде оппозиция көчөдө эле эмес, парламентте да бар. Бүгүн деле оппозициянын башында фундаменталдуу, омоктуу ойлору бар саясатчылар арбын. Бирок «биз оппозициябыз» деп «бала бакчалар» чыгып алып, элди коркутуп атышат. Эл ушулардан коркот. Азыркы оппозиция башын бириктире албайт. Себеби, баары өзүн Кудай сезишет, бири-бирин укпайт!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: