Күч органдары «Үчилтик» аталган Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылардын өткөн чактагы ишмердиктерине кайрадан саресеп салышканы, тыкыр изилдөөлөр тымызын жүрүп атканы каңкууланган эле. Дыкат текшерүүлөрдөн соң бирөөсүнө «илинчээк» табылганы да ыраспы? Жүрөктү «болк» эткизген көрүнүш жакындап келаткандай. Убакыттын өтүшү менен үчөөнүн бирөөсүнө «кайырмак» ыргытылышы тар чөйрөдө бүйүр кызытууда. Азыр эмес, күзгө чукул бул сценарий ишке ашса, «болоттой бекем» биримдиктери быркырап кетпейби? Элге жеп-ичүүнүн дагы бир көрүнбөгөн фактыларын алып чыгышса, кандай реакция жаралат болду экен? Көпчүлүк катмар жерге түкүрүнүшсө керек…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ